www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргызстандыктар жана Талас облусунун тургундары! Буга чейин 1-октябрда Талас районунун Үч-Кошкон жеринде Жерүй алтын кени боюнча "Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталыштагы жалпы Элдик кеңешме жыйыны болоору айтылган эле.

Тилекке каршы, себептүү жагдайлардан улам жыйыныбыз белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айтып койгубуз келет.

Ар кандай саясий күчтөрдүн аралашуусу, түрдүү провокациялык жүрүштөр иш чараны уюштуруу мезгилинде ачык байкалды. Этегин эч бир максатсыз, келечексиз жек көрүндүгө түртүү менен бүтүрүүнү көздөгөн жеке тараптардын бар экени да билинди. Аны кайсыл күчтөр жана кимдер уюштуруп жатканы ачык болбосо да, сыртынан белгилүү. Ал өз кезегинде ачыкка чыгаар... Айтылаар...

Элибиздин, жерибиздин, балдарыбыздын келечеги үчүн Жерүй кени дагы бир кездерде Кумтөр сыяктуу "кылымдын аферасы" болуп калбасын деген максатта, коомдо Жерүй кенинин айланасында ар кандай сөз болуп жаткан нааразы иштер тууралуу ийри олтуруп түз кеңешүү улуу вазийпабыз деген ойдо уюштурган жыйыныбыздын жылып калышына мына ошондой кадамдар себеп болду. Айтылып жана белгиленип калган жакшы иш чаранын жылдырылып калышына биз да ыңгайсыз абалда турабыз.

"Ачуу душман-акыл дос"дейт, элибиз. "Чылпагын алам деп, көзүн оюп албаган" сыңары, баардык иште акылдуулук, сабырдуулук жана этияттык өзгөчө мааниге ээ. Жерүй кени башталгандан башына "бак конбогон", элдин нааразычылыгын жараткан, ал турсун анын келечекте иштеп кетишине каршы болгон тараптардын көп экендигине карабай ...төн зордукка салынып ишке берилгени жалган эмес. Аны бүгүн да , Талас элинин канча пайызы иштетип же иштетпей коюшу керек экенин айтып жаткан пикири менен эле баалоого болот. "Пайдасынан зыянын көп тартабыз" деген Элдик нааразычылыкты, бүгүн бийлик капарына албай жаткандай көрүнгөн менен алар да келечек муун алдындагы жоопкерчилигин сезип жатат деген ойдобуз. Кайсыл бир кездеги катачылыктар жана шалаакылыктар үчүн кимдир бирөөлөрдү жоопко тартууну, Эл эч бир пайдасын көрбөгөн, ал турсун ал акчанын атын жаңы уккан 580 млн.долларды колко кылбай "аны төлөп берүүгө чамабыз чарк" деген шылтоону негиз келтирбей, бир өлкөнүн, облусунун Элинин назарын сындырууга, табиятын талкалоого жол бербей, туура бүтүм чыгарат деп ишенебиз.

580 млн.доллар кайдан келди? Иштебеген Жерүй кенинин лицензиясын улам сата берген бир кездеги бийлик төбөлдөрүнүн кемчиликтери үчүн, (албетте салымдар бар, бирок мынча эмес) сотто кыргыз тараптын компанияга утулган чыгымы. Бул үчүн да жооп бергендер болуш керек болчу. Эч ким жоопко тартылбай, алардын абийири Жерүй кенин 100 млн.долларга баалоо менен аяктагандай элес калтырууда. Муну ишке ашырган бир кездеги бийлик адамдары азыр кайда?

Мына ушундай адилетсиз аракеттерден улам, 5 млрд.долларга жакын таза кирешеси бар Жерүй алтын кени мамлекеттин кызыкчылыгында иштебей, башынан ээрге кыйшык олтурган Жерүйдөн жалпы Эл жапа чекпеш керек деген тилекте, ал жерде коррупциялык аракеттер, мамлекетке зыян келтирүү элементтери бар деген ойдо, аны туура жолго салуу максатында

-Жерүй кенинин лицензиясын берүүдөгү сынактын жүрүшү; -Жерүй кенинде Кыргызстандын үлүшү; -экологиялык нормалар таза сакталсын; -тоо кен мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилсин - деген талаптар менен 1-октябрда Жалпы Элдик кеңешме жыйынын кылалы дегенбиз. Жыйын жылып олтурат. Бул- Жерүй кени боюнча аракеттер же жогорудагы тилектер токтоду - дегенди түшүндүрбөйт. Кудай буйруса, жакынкы аралыкта жаңы жагдайлар жана уюштуруунун башка күн тартиби менен өткөрүүнү Сиздер менен кеңешип ишке ашырууна туура көрүп турабыз!

Сөздүн кыскасы, касиет жылоологон Талас жергесине барып, жалпы Элдик кеңеш жыйынын кылганга чейин, борбор калаабызда оболу "элим үчүн, жерим үчүн" деген депутат, министр, коомдук ишмер, академик, доктор, спортчу ж.б азаматтарды чогултуп, ар багыттагы адистерди чакыртып, чоң жыйындар залында чогулсак, ал жыйынга Таластын ар бир айылынан 3 төн же 5 тен өкүл келип катышып, ортого Жерүй кенинин келечеги тууралуу тема коюлуп акылдашсак деген оюбуз бар. Баардык келечектүү ойлорун адистер, тажрыйбалуу жетекчилер, аксакалдар, активистер, юристер, экологдор патриоттор айтса, мына ошонун жыйынтыгы менен Талас облусунда "Элдик Кеңешме" жыйынын кылып, анан андан аркы аракетибизди көрсөк деген ойдобуз. Бул жыйындарга мамлекеттик тийиштүү кызматтар барып катышып, алар да өз ойлорун ортого салса туура болот деген бүтүмгө келүүдөбүз. Бир топ кеңешме жыйындардын жыйынтыгы гана туура жолду көрсөтө алат деп турабыз! Андан кийинкисин, анан көрө жатаарбыз!

Кыргызстан баарыбыздыкы. Мамлекетибизде тынчтык жана бейкутчулук болуп, өлкөбүз өссө, өркүндөсө дейбиз. Ал үчүн мыйзамдарыбызды сыйлап, бийлигибизди бийик тутуп, Эл ишенип шайлаган бийлиги жана Эл өкүлдөрүнүн башкы максаты жана тилеги Элдики менен бирге болуп, Эл койгон ар бир талап-сунуштары четке сүрүлүп чыкпай, бир пикирге келип, иштесе эл ыраазы болгондой, иштебесе шартын туура койгондой кылып туура чечип алсак башкы мүдөөбүзгө жетебиз.

Ошол себептен, "өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өсүүгө бел болуп берет" деген кен байлыктарын туура, мыйзамдуу, ошол эле кезде элибизге, жерибизге зыянын тийгизбегендей кызыкчылыкта иштетип, Эл нааразычылыгын жаратпагандай жолго коюуну ишке ашырышыбыз керек. Учурдан пайдаланып, 1-октябрдагы Элдик жыйынды уюштуруу үчүн түзүлгөн комитеттин мүчөсү катары, Элдик кеңешме жыйынды ар тараптан колдоп, сүрөп турган миң деген тарапташтарга ыраазычылык билдирем. Өлкөнүн келечеги үчүн биримдикти туу туткан жакшы ой-тилек, максаттарыңыздарга рахмат. Жакшы тилектерде, алдыдагы иш чараларда бирге бололу!

Маалымат Күнболот Момоконовдун социалдык тармагындагы баракчасынан алынды.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости