www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч кыймылсыз асманда илинип турган каралжын түстөгү шакекче. Кечээ, 29-сентябрда интернетте пайда болгон бул видео кадр, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын ар кандай жоромолдорго түртүүдө. 
Тагыраагы, таң калыштуу кадрды Москва областынын  Селятино шаарынын тургуну тартып алып, аны социалдык түйүндөрдүн бирине жүктөгөн. Мындан улам социалдык түйүндөрдүн ырым-жырымга ишенген колдонуучулары бул айлананы – параллелдик дүйнөнүн дарбазасы дегенге чейин жетишкен. Ал эми бул айтылгандарга ишенбегендер, чымчыктардын үйүрү же жакын жерде жардыруу болушу мүмкүн экендигин айтышат.   
Дагы бир фото кадрда байкалгандай, шакекче мордон чыккандай изи бар. Ошону бетке кармаган дагы бир реалист, тепловоздон чыккан түтүн экенине көпчүлүктү ишендирүү аракетин көргөн.   
Ошондой эле бул видеону көргөн кыргыз коомчулугунда дагы ар түрдүү версиялары бар экенине толук ишеничтебиз.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости