www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коррупционерлердин аягы тыйылчудай эмес. Дүйнөлүк банктан коррупция менен күрөшүүгө 12 миллион доллар келатса, бул жактагы Транспорт жана жолдор министринин орун басары коррупция менен күрөш күчөгөнчө үлгүрө калайын деп 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Аталган министрдин орун басары жол куруу боюнча тендерге катышкан компаниядан баш аягы 520 миң доллар алмак.

УКМКнын ырасташына караганда, тендерге катышууга камынган чет элдик компаниядан мурунураак 120 миң доллар алган. Бу сапар 50 миң доллар аркы жумаларда калган каражатты алмак да, аны өлкө аймагындагы жол салууга жарыяланган тендерден жеңүүчү кылып чыгармак. Тилекке каршы, анын арам оюу ишке ашпай, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Негизи мындай жагдай жаралганда башка мамлекеттерде аны ошол кызматка татыктуу деп көрсөткөн адам жогорку кызматта болсо да отставкага кетиши керек. Ошондой эле бул жерде ал каражатты жалгыз алабы же бөлүшөбү ошол жагы да тыкыр иликтениш керек. Болбосо, 520 миң долларды Транспорт жана жолдор министринин орун басары жалгыз аш кыла албаса керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости