www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кенжебек Сатымкулович, сиз чет элден келген эмгек мигранттар үчүн патент системасын киргизүүнү сунуштадыңыз. Эмне үчүн мындай чара керек деп ойлойсуз?

- Менин маалыматым боюнча, биздин миллионго жакын мекендештерибиз сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Алар ал жакка барганда жумушка кириш үчүн патент алып, орус тилин билүү боюнча экзамен беришет. А бизге келген мигранттар экзамен да бербейт, патент да албайт. Өкмөттүн максаты биринчи орунда бюджетти көбөйтүү. Азыркы кундө чек ара ачылгаңдан бери бир эле Өзбекстандан жүз миңге жакын мигранттар келип, иштеп жатышат. Эгер биз патент системасын киргизип, бир айга 500 эле сом коё турган болсок, жүз миң мигранттан ай сайын 50 млн. сомдон, башкача айтканда, бир мектептин акчасы түшүп турат. Ошондо биз мыйзамсыз иштеп жаткан өзбекстандык мигранттардан эле бир жылда 600 млн. сом акча жыйнайбыз. Ошондуктан, мен өкмөткө сунуш бердим. Анткени, алар биринчиден, биздин жарандар иштей турган орундарды ээлеп атышат. Экинчиден, патент алышкан жок. Укук коргоо органдарына «отметка» кылып коюшуп эле иштешүүдө. Чек арадан өткөнү үчүн ар бир мигранттан 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин пара алышат деген да маалыматтар бар. Мына ошондуктан, биз аларды мыйзамдаштырып, «иштегиң келеби, патент ал да иштей бер» дешибиз керек. Мен ойлойм, өкмөт бул маселени чечип, чек арадан кирип атканда эле патент ала тургандай кылышы кажет.

- Аны ишке ашыруунун механизми каңдай болот? Анын аткарылышын ким көзөмөлдөйт?

- Чек арадан өткөндө эле патент бере турган бир кызматты ачыш керек. Эгер патенти жок иштеп жүргөндөр болсо, аларды депортация кылып, Россиядагыдай «кара тизмеге» киргизүү зарыл. Мигранттар кирип атканда чек арачыга, милицияга, миграция кызматына «мынча сом» деп ар бирине пара бергенче, «бир айга 500 сом төлөп кой» десе ал сүйүнөт. Анткени, алар бекинип иштеп жүрүшөт.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости