www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ырчы, актриса жана продюсер Рианна күйөрманынын айынан Лос-Анжелестеги 3 кабаттуу хан сарайын сатууга мажбур болууда. Батыш маалымат булактары ырчы бул үйдү 1 жыл мурда алганын жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бир нече ай мурда ырчынын үйүнө белгисиз адам кирип, ал үй ээси кайтып келгенче аны 12 саат күтүп отурган. Рианна үйүнө келген учурда белгисиз адамды көрүп, бул тууралуу полиция кызматкерлерине кабарлаган. Ал эми үйгө кирген адам 27 жаштагы Эдуардо Леон экени аныкталган. Леон полиция кызматкерлери кармаган учурда ырчынын күйөрманы экенин, аны менен жолугуу үчүн үйүндө күтүп отурганын айткан. Ошондой эле, ал коопсуздук системин оңой эле бузуп киргенин билдирген. Бул окуядан кийин ырчы күйөрманынан алыс болуу үчүн Лос-Анжелестеги үйүн сатыкка койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости