www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бактыбек Сыдыков Транспорт жана коммуникация министрлиги эл аралык долбоорлор менен өтө начар иштейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык долбоорлор коронавирустук пандемия учурунда башталган.
"Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушун бүтүрөм деп төрт министр сөз берген. Төртөө тең кетти. Альтернативдик жолдун (Түндүк-Түштүк) ишин эч ким көзөмөлдөбөйт. Көңүл бургула. Орун басарларыңызды айдаңыз, иштешсин. Жылуу кабинеттерде отурбай, иштешсин! Эмнеге жаныңызда кармап отурасыз? Жумгалдыктар кытайлык подрядчик салышы керек болгон жолдун башталбай калганына нааразы болууда", - деп ачууланды депутат Сыдыков министрТекебаевге кайрылып.
Булак: NazarNews.kg