www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет болгондон кийин келечекти болжогон, элине, жерине камкордук көргөн стратегиясы, идеологиясы болушу милдет. Ансыз мамлекеттин эртеңи бүдөмүк жаратып, элинин келечеги караңгы туңгуюкка кептелери бышык.
Андыктан мамлекеттик масштабда план-стратегия, идеология үзгүлтүксүз иштеп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жарата турган ички-тышкы ар түрдүү жагдайлар өз учурунда мыйзамга шайкеш жөнгө салынып турууга тийиш.
Дал ушул өңүттөн алганда, ааламдашуу процессинде биздеги улутубуздун абалы, коопсуздугу кандай абалда деген маселе, учурдун эң опурталдуу көйгөйлөрүнөн болуп турат.
Дегенибиз, кыргыз элинин жүздөгөн кылым карыткан салт-санаасын, нарк-насилин, рухий дөөлөт мурастарын тебелеп-тепсеп жокко чыгаруу сыяктуу аракеттер, сырткы тескери диний агымдардын таасири аркылуу катуу жүргүзүлүп жатат.
Өзгөчө динге жамынган тескери агымдарга жетеленип, акчага азгырылган өзүбүздүн эле кыргыздын уул-кыздары, "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" болушуп, улутубуздун өзөк-тамырына балта чапчу жоруктарды жасашууда.
Буга мисал кылчу көрүнүштөр оголе көп. Баарын сөз кылып отурбай, Анжелика деген ырчынын кыргыз элинин менталитетине жат, рухий баалуулуктарына, наркына каршы келген иштерди, кимдир бирөөлөрдүн жетеги мененби түшүнүп-түшүнбөй элибизге таңуулап, жайылтып жаткан акылга сыйгыс кылыгы мамлекеттин, улуттун коопсуздугуна кагылган коңгуроо болушу керек эле.
Тилекке каршы, негедир тиешелүү органдардын кайдыгерлигиби, же өз иштерине болгон шалаакы мамилесинен уламбы, "Сойку карыса сопу болот" өңдөнгөн Анжеликанын улутубузду "ууландырган" кооптуу иштерине жеткиликтүү көңүл бурулбай жатканы өкүндүрөт.
Дегенибиз, анын тобу менен жүздөгөн жаш кыздарды чүмкөнтүп, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы кыянаттык иш кылып, арабдардын кийим кечесин динге жамынып жайылтып жатканы, улутубуздун өзөгүнө доо кетирчү кооптуу көрүнүш.
Мына кечээ жакында эки-үч күн мурда арабдардын эркектери башына чалган чалманы, этеги жерге сүйрөлгөн жагымсыз шалбыраган көйнөктөрүн кыргыздын мөлтүрөгөн жапжаш сулуу кыздарына кийгизип, түрлөрүн бузуп даңазалады.
Мындай иштер бекер ишке ашпай турганын, Анжеликанын тыйынсыз бир кадам баспаганын эске алганда, улутубуздун наркын, салтын, рухий баалуулуктарын жокко чыгарып, арабдаштырууга багытталган долбоорлор иштеп, ири көлөмдө каржы бөлүнүп жатат десек жарашат.
Миңдеген мечиттер, өздөрүн ааалым аташкандардын ар кайсы теле-радиодон, интернеттен жайылтып жаткан насааттары, муфтий баш болгон молдолор "агартуучулук" (светтик өлкөдө молдолор качан агартуучулук вазийпаны аткарып калышты эле... ) деген чапанга жамынып айыл-аймактарга чейин барып жатышканы, самтырап топ-топ болуп "үйгүшкөн" дааватчылардын жер кезип, ар эшикти какылап жүрүшкөнү, куран жаттатып жарыштыруу, футбол ойнотуп Урмага сертификат берүү, бекер жоолук конкурстары сыяктуу ар тараптуу жайылтылып жаткан иштер кайсы каражатка, кандай максат менен ишке ашып жатат? Өтө чоң суроо жаратат... Кайсы бир деңгээлде бир нерсеге даярдык жүрүп жаткандай туюлат?..
Мындай иш-чаралардын майнабы, жемиши эмне менен жыйынтыкталат элестетип болбойт. Эгер, ушундай темп менен кете бере турган болсок, жакынкы 10-15 жылда диний карама-каршылыктан жаралган жарылуу болушу мүмкүн. Себеп дегенде, кимдин кайсыл агымда экени, кандай үгүт-насаат жүргүзүп жатышканын, ниет-максаттарын билип болбой баратат.
Улуттук коопсуздукту караган мамлекеттик комитет (УКМК) мына ушул багытта тынымсыз иштеп, тескери агымдарга бөгөт коюп, диний ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө кайсы жактан кандай багытта, канча көлөмдө каражат келип жатканын тыкыр текшерип, ниети бузук, котур ташы койнунда барларды иликтеп, көзөмөлгө алып, тиешелүү профилактикалык иштерди жүргүзүп турушу милдет.
Антпесе, казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса болгон жайылган көрүнүш, мыйзам шалга айланткан кайдыгерликтин жыйынтыгы башаламандыкка алып келип, кесепети оор болот.
Булак: NazarNews.kg