www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус менен кытайга асылбагылачы!

Жазгандарыңарды үстүртөдөн эле окуп көрүп жаныңдан түңүлөсүң. Силерге эмне жагат деги. Жан дүйнөңөр жабыркап, жамандык эле тилеп тургандайсыңар, жашооңор кандай экенин билсе болобу? Кытай басып келе жатат деп каңкуулайсыңар. Кыргыздарга кысым жасап жатат деп жанында жүргөнсүп жамырайсыңар. Орустун аркасында адам болуп, мамлекеттүүлүккө жетип отурганыңарды унутуп койдуңар. Ошол орустардын аркасында жакындарыңар оокатын кылып жүргөнү жадыңарда жок. Орустардын жардамы да жакпайт. Ушунчалык мурдуңардан алысты көрбөгөн, аз да болсо алдыга карай албаган, бир көөдөнү тар, көкүрөгү сокур болосуңарбы?

Мечиттерди жайнатып салды деп араб менен алакасы бар аалымдарыңар жыргай берсин, башкаңар кудай берди деп эле кубанып намазыңарды окуй бергиле. Саясатка киришип эмнеңер бар. Мечитке барып кудайга сыйынбай Өзбек ажы Чотонов бул жерде эмне сандалып жүрөт, элди дүрбүтүп, дөөдүрөп. Ал галдир ошол эле орустардын аркасында адам болгонун унутуп коюптурбу? Арабдан алган арам акчасына байып, 3-4 катын алса, кечээги чокоюн төрүнө илбей, ак сөөк сезе баштаган го өзүн, ал арам томояк!

Кытай мусулмандарды кысып жаткан жок. Уйгур эли эгеменди эңсеп, эчен жылдан бери күрөшүп келе жатат, жөн гана эңсебестен экстремисттик диний уюмдары толуп кеткен. Албетте, алардын арасында силер сыяктуу алысты көрбөгөн, кызуу кандуу казак, кыргыз мусулмандар да бар. Кытайга өз мамлекетинин кызыкчылыгы жогору турат, ошондуктан эмгек лагерлерин түзүп, тарбиялап жатат.

Туура кылат, жашап жатасыңбы, кытай алдында, анын мыйзамы менен жаша, кысчуу жерди бекем кысып. Биздеги өзбектер эки жолу автономия алабыз деп чыкты эле эмне болду?! Силерге жактыбы?! Азербайжандагы Карабах эмне болду? Ал бир кезде автономия эле, армяндар уялбай эле басып кирип тартып албадыбы. Же ал да силерге жагып жатабы? Өзбектерге автономия берсе эртең өзбекке кошулам деп чыгат. Чечендер согушун айтпай эле коёюн. Ошол согуштарды баштагандар бардык жерде эле жыргап жүрүшөт, кылы да кыйшайган жок. Эл кырылып жатат. Эне-ата күлгүндөй балдарынан ажыраса, балдар жетим калып жатат. Мунун бардыгы Өзбек ажыдай эл тааныгандардын бузуктугунан, эч нерсе түшүнбөй, ал бузуктарды ээрчигендерден болуп жатат. Орустун да, кытайдын да балакетин албай, тобоо деп жашагылачы, эгемендүү элиңдин ичинде, кудай берип турганда. Орус классиги И. Крыловдун «Слон и моська» (Пил менен кандек) деген тамсилиндеги кандектей чаңкылдабай. Кичине башыңар менен ойлонгулачы, башка жериңер менен эмес.
Силерден суранамын! - деп Бек Жайчибеков өзүнүн Фейсбук баракчасын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости