www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) негизги комитети Орусиянын кызытмага каршы агенттиги (РУСАДА) талапка ылайык иштtбей жатканын айтып, макамын алууну сунуш кылды.

WАDА 22-ноябрда тараткан кабарга ылайык, сунуш 9-декабрда Парижде өтчү жыйында каралат. Эгер ал канаттандырылса, Орусия 2020-жылы Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Андан тышкары башка санкцияларга туш болушу мүмкүн. Орусия Спорт боюнча арбитраждык сотко кайрылууга акылуу. Эл аралык олимпиада комитети ошого жараша чечим кабыл алат.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах бир апта мурда сүйлөгөн сөзүндө олуттуу эреже бузууларды эсепке албаганда, такай тыюу салууларды колдобой турганын айткан.

Кызытма жаңжалынаюбайланыштуу Орусиянын агенттиги 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Мындан улам 2018-жылы Түштүк Кореядагы Кышкы Олимпиада оюндарына мамлекет катары катыша албай калган. 168 орусиялык спортчу мелдештерге бейтарап туунун алдында чыгышкан.

Расмий Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

Орусиянын кызытмага каршы агенттиги WАDА менен кызматташууга, маалыматтарды тапшырууга даярдыгын билдиргенден кийин гана 2018-жылы Дүйнөлүк агенттикти аткаруучу комитетинин колдоосу менен орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Булак: Мантыш

Последние новости