www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын мүнөзүн жакшыраак билгиңиз келеби? Андай болсо, анын телефон чалууларында кандай обон жаңырарына маани бериңиз. Рингтон адам тууралуу көп маалымат берет.

Эгер анын чалууларында шайыр обон турса:

Мындай жайдары  адамдар өзү сыяктуу каткырган адамдын же ар түрдүү тамаша менен коштолгон рингтонду коёт. Муңдуу музыканы жактырбагандыктан, ага башкалардын ар дайым жылмайып жүрүшү маанилүү. Абдан мээримдүү, ишенчээк жана кайсы учур болбосун жардам берүүгө даяр. Уруш-жаңжалдан алыс болгондуктан, аны менен баары тил табыша алат.

Бирок, бир кемчилиги – жоопкерчиликти мойнуна албайт.

Үнсүз режим (добушсуз режим). Булар бирөөгө ыңгайсыз абалды жаратып алуудан коркушат. Өздөрүн дайыма сылык жана сабырдуу алып жүрүшөт. Сүйүү жаатында абдан сезимтал жана кандай учур болсо да, башкаларды күнөөлөдөн алыс болушат.

Кемчилиги – ал көпчүлүк менен аралашууну жактырбайт.

Ар бир адамга жеке рингтон. Мындай адамдар мода менен гаджеттерди абдан жакшы байкап жүрүшкөндүктөн, телефону да акыркы моделдердин бири болууга тийиш. Абдан токтоо келишет, бирок мындай адамдар менен жакшы мамиле түзүү үчүн сиз дагы өз кезегинде чыдамкай болушуңуз керек.

Кемчилиги – тамашаны түшүнүшпөйт.

Стандарттуу обон. Бул адамдардын ишенимдүүлүгүнө шек санабай эле койсоңуз болот. Алар үчүн үй-бүлө жана анын баалуулуктары абдан маанилүү.

Кемчилиги – адамды тажатып жибериши мүмкүн.

Куштардын сайраганы же романтикалуу обон. Өтө сезимтал, жоомарт адамдар. Үй-бүлөсү менен досторуна кам көрүшөт жана ишенимдүү дос боло алышат.

Кемчилиги – туруксуз, өтө эле боорукер.

Ал эми сиздин телефонуңузда кандай обон жаңырат?

"Медиалпов"

Последние новости