www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандын 13 жараны кулчулукта жүргөндүгүн ИИМ тастыктады. 

Эмгек мигранттарынан келип түшкөн арыз боюнча Мамлекеттик миграция кызматы тиешелүү министрликтер менен бирге аталган облуска барып иштин чоо-жайын аныкташкан. Окуя ушул жылдын март айында болуп, аталган аймакта  чындыгында жумуш берүүчүлөр кыргыз жарандарынын паспортун тартып алып, мыйзамсыз иштетип, аны менен катар аларга айлык акыларын бербей жатышкандыгы тастыкталган.  

ААК «Февраль» коому тигүү цехин ачып, анда 100 адам эмгектенип, анын 13ү кыргыз жараны мыйзамсыз иштегендиктен, аларга  бардык жактан мыйзам бузулгандыгы тууралуу кабарланган. Атайын ыкчам операциядан кийин аталган коомдун башчысы, Орусиянын жараны  С.В жана Вьетнамдын жараны экендиги анык болгон. Биздин жарандар Бишкектен Рязаньга ортомчу аркылуу барышкан. Ортомчу дагы аныкталган, 1979-жылы туулган, Ош областынын Алай районунда туулган, аты-жөнү Эркинаалы аттуу жаран Ош базарынын жанындагы "Берекеттен" адамдарды чогултуп, алып барган.

Эмгек келишими түзүлгөн, бирок, тилекке каршы, анда жазылган пункттар кагаз бетинде эле калып, тиешелүү бекер тамак да берилген эмес. Түшкү тамактанууга 40 эле мүнөт берилген, мына ошол убакта мигранттар өзүлөрүнө тамак даярдап калууга үлгүрүшү керек болчу. Ошондой эле, жердештерибиз саат 08:00дон 04:00 чейин иштөөгө мажбур болушкан. Ошентип, алар 20 саат иштешкен.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголду.

Жазгүл Урмамбетова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости