www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын шаар жергелериндеги аба өтө эле булганган. Бул тууралуу жаратылыш министрлигинин сайтында жайгаштырылган “2018-жылдагы Орусия Федерациясынын ахвалы жана айлана чөйрөнү коргоо” деген докладында кенен түшүндүрмө берилет.
Айтылгандарга таянсак, абасы булганган калаалардын көпчүлүгү Сибирь федералдык округуна тиешелүү болуп, ал 57 пайызды түзгөн. Алып айтсак; Абакан, Ангарск, Барнаул, Братск, Иркутск, Красноярск, Новокузнецк, Норильск, Улан-Удэ, Чита жана башка шаарлар.
“Ушул калаалардын тургундары турак жайларын таштай салып качып жатышат. Алардын батирлерин башка эч ким сатып алууга ашыкпайт” – деп берилет аталган ведомствонун отчетунда.
Ошондой эле топурактын булгануу деңгээли Приморск крайында, Новгород областында жана Санкт-Петербургда башка шаарларга салыштырмалуу абдан начар – ал өлкөдөгү орточо көрсөткүчтөн үч эсеге көбүрөөк экени айтылат. Мындай көрсөткүчтөгү тизмеге: Красноярск крайы, Свердлов областы, Киров, Челябинск, Забайкальск шаарлары жана Түндүк Осетия кирген.
Август айында орусиялыктар эң эле кир жана эң таза шаарлардын аттарын аташкан. Анда, Архангельск жана Ростов областынын Каменск-Шахтинский калаалары таза эмес деп табылса, эң таза деп Белгород областынын Губкин шаары табылган.
Булак: "NazarNews.kg"