www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык илимпоздор инсандар бүгүнкү күндө Арктиканы да желим бөтөлкөлөр менен булгап салганын Еuronews.com жазып чыкты.

Америкалык атайын экспедиция Арктиканы атайын 3 жума изилдешкен. Жыйынтыгында алар муздун бөлүкчөлөрүн топтошкон. Алар жыйнап алган муздун бөлүкчөлөрү түркүн-түстүү  экени аныкталган.

Адистердин айтымында мындай желим бөтөлкө менен баштыктардын көзгө көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрү деңиз жаныбарларына чоң зыян алып келсе, экспедициянын курамындагылар деңизде мындай таштандылардын көлөмү өтө чоң экендигин айткан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында деңизден алынган бир литр муз суусунан 10 миң микроб аныкталса, экологдордун эсеби боюнча ар жылы дүйнөлүк океанга 13 млн тонна желим бөтөлкө менен баштыктар түшөт.

Scientific Reportsттун жазган маалыматына таянсак бүгүнкү күндө океандар 10 жыл мурункуга караганда 60 % булганып, деңиз жаныбарлары 50% га азайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости