www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Украина ортосундагы мамилелердин курчушу жана согуш Кыргызстандын мамлекеттик жана каржы-экономикалык коопсуздугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин маалыматын угууну сунуштады.
«Украина менен Орусиянын ортосунда согуштук аракеттер бар. Бул абдан маанилүү маселе. Бул эки өлкөгө гана эмес, НАТО блогуна кирген мамлекеттерге да тиешелүү. Күжүрмөн кагылышуулардын кесепеттери дүйнөдө кооптуу абалга алып келиши мүмкүн. Андыктан, Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиевди угалы», - деди Жеңишбек Токторбаев.
Эске салсак, Украинадагы салгылашуулар алты күндөн бери уланууда. 2022-жылдын 24-февралында Орусия президенти Владимир Путин «атайын аскердик операция» башталганын жарыялаган. Украинада жана Батышта бул баскынчылык катары кабыл алынган. 25-февралда Россия Федерациясына каршы катаал экономикалык санкциялар киргизиле баштады. Курмандыктардын саны эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин арасында да, карапайым калк арасында да өсүүдө. Европага кеткен украиналык качкындардын саны миллионго жакындап баратат. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Орусия баштаган согушка каршы акциялары өтүп жатат.
27-февралдын кечинде дээрлик бардык Европа өлкөлөрү оз аба мейкиндигин орус авиакомпаниялары үчүн жапты. НАТО мамлекеттери жана АКШ Украинага каржылык жардамын көбөйтүп эле тим болбостон, кошумча курал-жарак да бере башташты. Орусияга каршы катаал санкциялар киргизилди. Чектөөлөрдүн пакети күн сайын көбөйүүдө.
28-февралда согуштук аракеттер улантылды. Мунун фонунда орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өттү. Анын толук чоо-жайы кабарланган эмес. Тараптар өз өлкөсүнүн жетекчилиги менен кеңешип, экинчи айлампанын датасын белгилейт.
Булак: NazarNews.kg