www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президентинин Сирия боюнча чабарманы Александр Лаврентьев Түркияны Сирия менен Иракка болгон соккулардан улам сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Анкара жаңжалдын курчуп кетпеши үчүн Сирияда ашыкча аскерий күч колдонуудан алыс болушу керек.

Москва ошондой эле Сирия боюнча конституциялык комитеттин ишиндеги тыныгууну узакка созулган деп эсептейт, анын жыйынынын убактысын жана ордун аныктоо зарыл, деп кошумчалады Лаврентьев.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү атайын операциянын себептерин Орусиянын аймактагы террористтерди жок кылуудан баш тартуусу менен түшүндүргөн. Ал Кобани аймагында 12 сокку урулганын ырастап, операция улана турганын кошумчалады.

Түрк куралдуу күчтөрү Сирия жана Иракта эки күндө «Тырмак-Кылыч» операциясында 184 террористти жок кылды. Мындай маалыматты Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости