www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Известия» гезити Орусия Коомдук Изилдөөлөр Борбору ишке ашырган сурамжылоого таяндырган кабарында кызыктуу маалыматтарга орун берди.

2016 -  жылы жүргүзүлгөн ушуга окшогон сурамжылоого катышуучулардын 70 пайызы Орусия  - Түркия карым – катнаштарын жакшы эмес жана душман катары деп мүнөздөсө, бул жылкы сурамжылоодо бул көз карашты бөлүшкөндөр 28 пайыздык катнашта.

Адистер коомчулукта Түркияга болгон көз караштын өзгөрүшүн чоң өлчөмдө эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнө байланыштырууда. Сурамжылоого караганда орустардын  49 пайызы эки өлкөнүн ортосундагы кээ бир араздашууларга карабастан Түркия менен карым – катнаштардын өнүктүрүлүшүн жактап жатат.  

Борбордун изилдөө мекемесинин төрагасы Степан Львов өлкө лидерлеринин Сирия, «Түрк агымы», азык – түлүк эмбаргосунун жоюлушу сыяктуу темаларда баштаган диалогдун калктын Түркияга карата көз карашына оң багытта таасир бергендигин айтты. Львов Түркиянын бир топ орус жактырган эс алуу аймактарынын бири экендигин да эске салды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости