www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда милициянын көчмө кабылдамасы ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте “Туратали” базарында, дүкөндөрө, соода түйүндөрдө пиротехникалык заттарды сатуунун, сактоонун, оюн-зоок өткөрүлүп жаткан жерлерде жардыруунун жана өрт коопсуздугунун шарттары сакталуусу зарылдыгын эскертишти.

Жарандарга пиротехниканы турак жайлардан, унаа токтотуучу жайлардан жана эл көп чогулган жерлерден алыс, коопсуз жайларда, нускаманы так сактоо менен колдонуу керектиги айтылды.

Пиротехникалык заттарды сатуу жана пайдалануу эрежелерин бузган жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык чара көрүлөт.

Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугуна этият болуңуз!, - деп эскертти Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Последние новости