www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ОИИБи жыл жыйынтыгын чыгарды

2020-жылдын 20-январь күнү Ош  облустук ички иштер башкармалыгында 2019-жылдын 12 ай ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгын чыгаруу боюнча кезектеги ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Малик Нурдинов, Ош ОИИБнин начальнигинин орун басарлары, Алимкулов Абилбек, Акпаров Оролбек, Рахманов Кеңешбек, жана бөлүмдүн жетекчилери, өздүк курам жана ИИОнун ардагерлери катышты. 

Кеңешменин биринчи бөлүгүндө 2019-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кесиптик чеберчилиги, өз милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, ошондой эле ардагерлерге, ”Борбордук аппараттын мыкты бөлүм башчысы”, “ Борбордук аппараттын мыкты бөлүмү” , “Мыкты спортчусу”, “Кесиби боюнча мыктысы” жана “1,2,3-орундагы Мыкты ардагерлер кеңеши” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, жылдын мыктыларына Ош ОИИБнын диплому, сыйлоо тасмасы, баалу белектер, желекче жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Ошондой эле, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мыкты бөлүмү катары Арван районунун ички иштер бөлүмү табылып,жетекчиси милициянын полковниги Исмаилов Сактанбекке  өтмө кызыл туу жана 15000 (он беш мин) сом акчалай сыйлык тапшырылды. 

Андан сырткары “3-орундагы Мыкты ардагерлер кеңеши” –Алай РИИБдин Ардагерлер кенеши, “2-орундагы Мыкты ардагерлер кенеши” – Араван РИИБдин Ардагерлер кенеши, “1-орундагы Мыкты ардагерлер кенеши” – Өзгөн РИИБдин Ардагерлер кенеши табылып, диплом, желекче жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. 

“Ош ОИИБдин өз кесибинин мыктылары” милициянын майорлору Матисманов Чынгыз, Курманкулов Чыңгыз, Жарматов Мирлан, милициянын капитандары Дооранов Болотбек,Токоев Санжар, Тагайбек уулу Данил, Чомоев Сагын,Насиров Сүрнөтилла милициянын старшинасы Мамытов Кыялбектер ээ болушту. 

“Мыкты спортчусу” номинациясына милициянын ага лейтенанты Аширов Орозбек татыктуу деп табылды.

Мындан сырткары “Ош ОИИБдин борбордук аппаратынын мыкты бөлүм башчысы”-деп Ош ОИИБдин Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Абдукеримов Альберт табылып, 1-даражадагы Диплом, желекче жана баалуу белек менен, ал эми “Ош ОИИБдин борбордук аппаратынын мыкты бөлүмү”-деп Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы табылып,1-даражадагы Диплом, желекче жана 7000 сом  сыйлык менен сыйланышты.

Экинчи бөлүгү Ош ОИИБдин 2019-жылдагы кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгын чыгаруу боюнча маселе каралды. 12 айдагы көрсөткүчтөр боюнча Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги О.Акпаров чыгып баяндама жасады. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн тапшырмаларына жана   ички иштер министрликтин  койгон талаптарына негизделип,  облустун аймагында кылмыштуулук менен күрөшүү,  коомдук коопсуздукту камсыздоо жана  коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо, укук тартибин чыңдоо,  өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, элдин милицияга  болгон ишенимин бекемдөө багытында иш чаралар жүргүзүлдү.

2019-жылы Ош  облустун  аймагында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” 8613 маалымат катталган. Анын ичинен 4189 кылмыш, 4424 жорук. 
2018-жылдагы кылмыштарды каттоо китебине катталган материалдардын саны менен салыштырчуу болсок 454кө аз катталганы белгиленет.

2019-жылдын 12 ай ичинде Ош облусу боюнча 3268 сотко чейинки иштер өндүрүштө болуп, анын ичинен 2619 нун бети ачылып,ачылуусу 80,1 пайызды түзгөн. 

Баяндамадан соң, ар бир кызмат жана бөлүмдөрдүн жетекчилери өз багыттары боюнча жарыш сөзгө чыгышты. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С. Өмүрзаков: “Ош облустук Ички иштер башкармалыгы 2019-жылды жакшы жетишкендиктер менен жапкандыгын баса белгилеп, ошол эле учурда кемчилдиктер да жок эместигин айтып тез арада жоюуну тапшырды”.

Өз кезегинде Ош ОИИБдин начальниги М.Нурдинов: “Кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча атайын иш пландар бекитилгендигин билдирип, кеңешменин катышуучуларына кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту сактоодогу негизги багыттар боюнча жаңы 2020-жылга карата кабыл алынган иш мерчемдердин аткарылышы боюнча тапшырма койду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости