www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун прокуратурасынын мурдагы кызматкери мас абалында жол эрежесин бузуп, унаасы токтотулган. Анын видеосу социалдык тармактарга жүктөлгөн. Айдоочу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине прокуратуранын мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүгүн көрсөтүп, ишти жайгаруунун аракетин көргөн.

Андан майнап чыкпагандан кийин ал МАИ кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, бирөөсүнүн төшүндөгү илинип турган камераны жулуп алган. Кийинчерээк ал Ленин РИИБне жеткирилген.

Ал эми Башкы прокуратура мас абалында жол эрежесин бузган айдоочу 2018-жылдан бери прокуратурада иштебегендигин маалымдашкан.

Белгилей кетсек, январь айынын башында дагы Жалал-Абад шаарында сот айым Элмира Сулайманова мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалып, ага айып салынган болчу. Бирок, бир нече күндөн кийин айдоочу сот айым айыпты төлөгөндүн ордуна кайра МАИ кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазгандыгы коомчулукту таңкалтырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости