www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто үч милиционер сабалды

Ош шаарында үч милиционер кызматтык милдетин аткарып жаткан жеринен сабалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 12-июнь күнү, саат 02.30дар чамасында Ак-Тилек кичи районунда кызматтык унааны айдап бараткан милиционерге эркек киши кайрылган. Ал жакын жерден ур-токмокко алынганын айтып, мыйзам бузуучуларга чара көрүүнү суранган.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкери 25-30 жаштар чамасындагы мас абалындагы эки адам Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны айдап кетүүгө аракет кылганын көргөн. Милиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, бирок алар каршылык көрсөткөн. Окуя болгон жерге инспектор ошол аймакта нөөмөттө турган эки кесиптешин чакырган. Алар милиция кызматкерлерине баш ийбей, кол көтөрүшкөн.

Натыйжада үч милиция кызматкери жаракат алган. Бейбаштык кылгандар облустук наркологияга жеткирилип, текшерүүдөн өткөн. Жолдо баратып, бирөөсү милиционерди бетке сүзүп, формасын айрып салган. Экспертиза кол салгандар спирт ичимдиктерин ичкенин тастыктады.

Ички иштер башкармалыгы кол салуудан коргонуу үчүн мас кишилерге физикалык күч колдонулганын баса белгиледи. Эки милиционер Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, кол салгандар да медициналык мекемеде дарыланууда.

Аталган факты маалымат журналына катталып, экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости