www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда эрте боюна бүтүп, кризистик борборго кайрылган кыздар көбөйдү. Алардын арасында өспүрүм кыздар да бар. Адистердин пикиринде, тышкы миграциянын кесепети жаш кыздарга да таасирин тийгизип жатат. Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун директору Дариха Асилбекованын билдиргенине караганда, жыл башынан бери эрте боюна бүтүп калып, жардамга муктаж болгон 14 кыз кайрылган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу көп. «Бизге үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдар, жубайлардын ажырашуу маселелери менен, коомдогу социалдык көйгөйлөрдөн келип чыккан айрым маселелер менен кайрылгандар да бар. Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам кризистик борборго кайрылгандар арбыды. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактан аялдар гана эмес, эркектер дагы жабыр тартып калган фактылар катталууда.

Ошондой эле 21 жашка чейинки кыздардын боюна бүтүп, же пландалбаган бойго бүтүүнүн кесепетинен өз өмүрүнө кол салгысы келген окуяларды угуп калабыз. Ушундай көйгөй менен келип калышса биздеги психологдор психологиялык жардамдарды көрсөтүп, өзүн жана ичиндеги баласын аман алып калууга аракет кылабыз. Быйыл эрте бойго бүтүү фактысы былтыркыга салыштырмалуу 6 учурга көбөйдү. Бизге жыл башынан бери эрте боюнда болуп, бизге кайрылган кыздардын саны 14кө жетти», - деди Д.Асилбекова. Ошондой эле ал мындай фактылардын айрымдарын миграцияга байланыштырды. «Эрте боюна бүтүп калган кыздардын мындай кадамдарга баргандыгынын бир нече себептери бар. Ал башка маселе. Ал эми жаш кыздардын балакатка жетпей туруп мындай кадамдарга баруусу миграциянын кесепетинен деп ойлойм. Мисалы, үй-бүлөлүк таалим-тарбия, ата-энелердин балдарга болгон көңүл буруусу салкындап кеткен. Бул ички жана сырткы миграциянын таасиринен улам. Ата-эне өз баласына жакшы тарбия бербесе, анын жакындары аларга жакшы тарбия береби? Анан интернеттин таасиринен ушундай жолго көбүнчө шаарда жашаган кыздар туш болот. Бул эмнеден кабар берет?... Үй-бүлөлүк тарбиянын солгундап кеткенинен кабар берет», - деди Асилбекова. Өспүрүм кыздар арасында төшөк кумарын сүйүү деп түшүнүп алып, анын кесепетинен ар кандай жолдорго баргандар да жок эмес. Психологдордун пикиринде, айрым бойго жете элек кыз-жигиттер арасындагы таанышуунун арты төшөк кумары менен аяктайт. Мындан улам эрте боюна бүтүп калуу фактысы жаралып жатат. Жыл башынан бери аталган кризистик борборго 890дон ашуун жарандар кайрылышкан. Алардын ичинен 90дон ашууну эркектер болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости