www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто мыйзамсыз курулуштардын ордуна парк курулат

16-февраль  күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Мамыров көчөсүнүн абалын текшерип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын жүрүшүндө шаар башчысы аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, эки тарабында шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы заманбап эс алуу багы түзүлөөрүн билдирди.

Жеринде мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды бузуп алып салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, заманбап көп функционалдуу эс алуу багынын эскиздик долбоорун даярдоо тапшырмасы коюлду.

“Ак-Тилек кичи районуна кирүүчү айланма жолдун боюна, Мамыров көчөсүнүн эки жагына жаңы заманбап эс алуу багы курула баштайт. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул бакка, анын өнүгүсүүнө салым кошкон белгилүү инсандын ысмын ыйгаруу керек”, - деди мэр.

Шаар башчысы белгилегендей, бул бак шаарга түштүк-чыгыш тарабынан киргенде шаардыктардын визиттик картасы болуп калат. Эс алуу бакты куруу Мамыров көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен бирге жүргүзүлөт.

Последние новости