www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жайылган жерден кийим уурдаган кыздардын өздүгү аныкталып, тергөөгө камсыздалды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жумада Instagram социалдык тармагындагы бир нече аккаунтта Курманжан-Датка кичи шаарчасында (Юго-Чыгыш) кийим уурдаган кыздар тууралуу маалымат тараган. Ага байкоочу камераларга түшүп калган видеолор да тиркелген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Алар ата-энелери менен бирге тергөөгө камсыз болушкан.

Учурда кыздардын жайылган жерден кийим уурдаган үч фактыга тиешеси бар экени аныкталды.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн бири Ош облусунун Алай районунда туулган А.Ф., экинчиси 2011-жылы Ош шаарында туулган М.Н. Алардын эч жерде иштебей турганы жана окубай турганы маалымдалды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Кыздардын ата-энелери келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Последние новости