www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Суваналиевдин президенттик шайлоого барышы мүмкүн экени айтылып жатат. Бирок анын Садыр Жапаровго реалдуу атаандаш боло алары азырынча чоң суроо. Себеби Суваналиевдин саясий тажрыйбасы жетиштүү болгону менен, жалпы улуттук деңгээлдеги электоралдык колдоосу анчейин эмес. Учурда аны азыркы бийликке ичи чыкпаган оппозициялык маанайдагы саясатчы катары кароого болот.
Арийне, Суваналиев кыргыз саясатында жаңы фигура эмес. Ал күч түзүмдөрүндө иштеген тажрыйбалуу саясатчы катары белгилүү. Эгер ал президенттик жарышка катышса, бийликке альтернативдүү көз караштагы шайлоочулардын көңүлүн бура турган талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Ошентсе да анын буга чейинки президенттик шайлоодогу көрсөткүчү азырынча чоң электоралдык база жөнүндө айтууга негиз бербейт.
Алалы, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Суваналиев 16 143 добуш алып, 0,87 пайыз менен алтынчы орунду ээлеген. Ал шайлоодо Алмазбек Атамбаев 62,52 пайыз добуш менен жеңишке жетсе, Адахан Мадумаров 14,78, Камчыбек Ташиев 14,32 пайыз алган.
Албетте, 2011-жылдагы көрсөткүчтү бүгүнкү саясий кырдаалга түздөн-түз салыштыруу туура эмес. Кыргызстандагы саясий ландшафт да, шайлоочулардын талаптары да өзгөрдү. Суваналиевдин бүгүнкү саясий позициясы, коомдогу бийликке болгон мамиле жана жаңы шайлоо кампаниясынын жүрүшү анын мурдагы көрсөткүчүнөн таптакыр башка натыйжа жаратышы ыктымал.
Ошол эле учурда анын алдында чоң көйгөй турат. Оппозициялык маанайдагы шайлоочулардын баарын бир талапкердин айланасына топтоо оңой эмес. Анткени мамлекеттик ресурстарга жана кеңири таанымал саясий брендге ээ учурдагы президент Садыр Жапаровдун туруктуу электоралдык базасын, колдогон тарапташтарын жеңүү оор.
Демек, Суваналиев үчүн негизги милдет, жөн гана Жапаровду сындоо эмес, шайлоочулары ынандырып, бийликке нааразы болгон жарандардын добушун өзүнө тартуу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча атаандаш программа сунуштай билүү милдет. Балким, ошондо шайлоодо бурулуш жасаган факторду жаратышы мүмкүн. Ошентсе да, Суваналиевди Жапаровдун негизги атаандашы деп атоого эрте.
Эгер Суваналиев бийликке каршы маанайдагы шайлоочулардын олуттуу бөлүгүн өзүнө тарта алса, президенттик жарышта күтүлгөндөн кыйла күчтүү фигурага айланышы ыктымал. Ал эми оппозициялык добуштар бир нече талапкерге бөлүнүп кетсе, бул Жапаровдун позициясына олуттуу коркунуч жаратпай калышы мүмкүн.
Ал эми 2011-жылы 0,87 пайыз алган саясатчынын 2026-жылдагы шайлоодо канчалык деңгээлде жогорку жыйынтыкка жетишет, аны коомдогу азыркы саясий маанай жана шайлоо өнөктүгү гана көрсөтөт.