www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байыртадан эле улуулар от өзгөчө касиет-күчкө ээ экенин билишкен, От жагып үйдү гана жылытпастан үйдөгүлөрдү жаман күчтөрдөн, кесепеттен, сырткы таасирлерден, мейкиндикти негативден сактай алабыз деп ишенишкен. Мындан кийин заңгыраган үйлөрдүн ичинде да эмне үчүн заманбап таш очокто өчпөс от күйүп турарын түшүнсө болот. Ал эми от жага албаган шаардыктар үчүн шам кызмат кылат дешет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити.

КАСИЕТТҮҮ ЖАЛЫН

Отко байланыштуу ырым менен жөрөлгөлөр адамзатынын тарыхы менен тагдырлаш келет. Байыркы ата-бабалар оору, жамандык тууралуу эстеткен нерсенин баарын отко өрттөп тазаланышканы бизге жеткен мурас-керээздерден улам тааныш. Ал тургай кээ бир майрамда, айрым бир улут, элде эки жаш үйлөнүү тоюнда оттон секирип келечектеги даңгыр жолуна, бакыт үчүн тазаланып таза жашоо башташат деген ырым бар. Ал эми азыркы заманда магиялык жөрөлгөнүн эң маанилүү куралы - шам. Шам жагардан мурда үйдү, короо-жайды тазалап алуу кажет. Адам өзү да жуунуп-тазаланып, таза, бир түстө кийинүүсү кажет.

САЛАМАТ БОЛУҢУЗ!

Кээде бирөө башкадан жугузуп келди дейин десең вирустун эпидемиясы болбосо да бүт үй-бүлө ооруп калган учур болот. Кээде үйгө бирөө келип кеткенден кийин үйдөгүлөр өзүн жаман сезип оорлошуп жатканын айтып калышат. Кандай учур болсо да арча түтөтүп, шам жагып койгон ырымдан эч ким зыян тартпайт деле. Эгер оорунун себеби энергетикалык жагдай болсо тез арада абал жакшыра түшкөнүн байкабай деле каласыз. Кечинде үй-бүлө мүчөлөрү тегерек столго чогулуп, улуусу так ортосуна шам жагып ичиңизден айтасыз: "Шамдын жалынына көрө албастын, ичи тардын, бузукунун жаман сөзү менен амалдары күйүп кетсин. От бизди сактайт, жамандыкты жок кылат. Дал ошондой болот!" деп кайталайсыз да сааттын жебеси боюнча улам бирине өткөрүп, бир нече секунд кармап туруусун түшүндүрүңүз. Эң акырында эрип күйбөй калган шамды үйдөн алыс бут баспаган жерге чыгып калбагандай шартта көөмп салыңыз.

ҮЙҮҢҮЗДӨ ТЫНЧТЫК БОЛСУН!

Эгер үй-бүлөдө уруш-талаш бат-бат боло берсе, жакындар тил табыша албай турган жагдай кайталанып турса ай бөксөргөн маалда шам жагыңыз. Ак барак алып үйдө канча киши жашаса ошончо бөлүккө бөлүп (эскертүү: кайчы же бычак колдонбостон кол менен айрып аласыз) ар бирин өз-өзүнчө шамдын жалынына күйгүзүп жатканда: "Уруштун кеби, таарыныч жалынга күйүп жатат, тирешүүлөр күлгө айланат, үйгө кут кирип, бейпил жашоо уланат! Дал ошондой болот!"-деп тилек кыласыз. Калганы шам жагылган табада күл болгончо күйүп бүтүш керек. Эгер акыр аягына чейин күйбөй калса кайрадан ширеңке чагыңыз. Шам менен тазаланып жатканда эч ким менен сүйлөшпөңүз! Жөрөлгөнү бүткөндө күлүн шамалга чачып, өзүңүз артты карабай чуркап үйгө кирип кетиңиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости