www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппин Республикасынын Минданао аралыннын тургундары күрүч эгилген талаада чоң кобра питонду жутуп жатканын байкап калышкан. Кобра аягына чейин жута албай оозунан питондун куйругу чыгып турган.Жыландын узундугу 3,6 метрге жакын. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Жергиликтүү тургундар жыланды таяк менен өлгөнчө сабашкан. Ал өлүп калгандан кийин ичин жарып чыкканда узундугу  2,4 төн 3,3 метрге чейин жеткен питион чыккан.

“Бул жерде жыландар көп. Бирок, питонду жутуп алган кобраны биринчи жолу көрүшүбүз. Бизде адамдар кобранын уусунан өлүп калгандар болгон. Ошон үчүн менин кошунам аны көрөрү менен ошол замат өлтүрүп салды” деп жергиликтүү тургун айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости