www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз актрисасы жана модель Мадина Талипбек Өзбекстандагы PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” наамына татыктуу деп табылды. Бул номинация ыйгарылганын Талипбек өзү жана өзбекстандык кино ишмерлери социалдык тармактарда 30-ноябрда кабарлашты.

Азырынча жеңүүчүлөрдүн аттары фестивалдын расмий сайтында атала элек. А Мадина Талипбек бул сүйүнүчтүү кабары менен өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасында бөлүшүп: "Ташкенттеги эл аралык "PROlogue-2018" кинофестивалынын "Мыкты актриса" наамынын жеңүүчүсү" деген билдирүүсүн калтырган.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрдан тарта чоң экрандарга чыгат. Ал эмир тасманын кыргыз тилиндеги версиясы 5-декабрда Бишкектеги "Космопарк" кинотеатрында жабык көрсөтүлүп, ага өзбекстандык актёрлор да катышат.

PROlogue — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости