www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1 764 тонна cурьма Кытайга кетти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан “У.Т. и К.” компаниясы 2017-жылдан тарта 1 764 тонна курамында сурьма бар руда менен кошулманы Кытайдагы “Б.” деп аталган компанияга жөнөткөндүгүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытайга жөнөтүлгөн продукциянын баасы 6,209 миллион сомду түзгөн. Аталган ишканадан кен менен кошулманы Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү Алик Аликсуяк кенинен казгандыгын айтышкан. Экономика министрлигинен Финансы полициясына бул компаниянын импорт жана экспортко уруксат кагазы жоктугун айтышты. Алар муну менен ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгын кошумчалашты. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин “Мыйзамсыз ишкердик” негизинде иш козголгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости