www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина Республикасы) өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен жолугушту деп билдирет өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы.

Жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси – Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси – Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү – Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын  куттуктап, жогорку жыйынтыкарга жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дүйнөлүк аренадагы сиздердин жеңишиңиздер менен сыймыктанабыз.  Бул ийгилик, албетте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында келди. Таймаштар дүйнөлүк  алдыңкы спортчулардын катышуусунда катаал шартта өттү.  Сиздердин жыйынтыгыңыздар биз үчүн Оюндардагы жеңишке тете», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын, ошондой эле спорттук стипендияларды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Буга катар ал спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынып жаткан чараларга кеңири токтолду.

Премьер-министр ошондой эле 2019-жылы Ысык-Көл жээгинде эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушу башталаарын белгиледи, анда спортчулардын ири эл аралык таймаштарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кошумчалагандай, ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы (Япония) жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев спортчуларга ийгиликтерди каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости