www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президент! Өлкөдө идеология жок, акыл үчүн мамлекет өнүгүп өсө албай жатат дешип, көпчүлүк идеологияны көктөн же Сизден күтүп жүрүшөт. Жөнөкөй элибизге мейли деңиз, алар өз түшүнүктөрүндө жараша акыл калчайт. Идеологияны жарата турган кадрларыңыз өздөрү идеологияны түшүнүшпөйт. Аш той өткөрүүнү чоң саясий идеология катары карашып, эмне болсо дагы юблейдерди өткөрүүнү колго алышып, өздөрү чардап жатышкан мезгилдер. Болбосо, Ноокен районунуна 90-жыл толо элегинде эле өткөрүп жиберишкени буга бир мисал боло алса керек. Ал эми, ордолуу Ошту жетектеп турган мэриңиз Сарыбашев, губернаторуңуз Жылкыбаевдер жаштарды, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сыйлоону жана мекенди сүйүүгө үндөгөн чыгармаларга кызыгып, аны Ош драма театрына алып чыгууга эки тыйын бергендин ордуна, аш тойлорго ачка бөлүп шаң-шөөкөт өткөрүшөт. Аш той өткөргөнгө тыйын табылат, ал эми СССРдин мезгилиндей жаштарга патриоттуулукка үндөгөн маданий иш чарага акча табалай жатышат. Бул эки жетекчи идеологияны аш той өткөрсөк болот деген түшүнүктө жүрүшөт. Ал эми, идеология бөлүмүнүн жетекчилери аш тойго деп окуу жайлардан акча эле чогултканга жарашат деп жөн жерден айтып жүрүшпөсө керек. Же башка бир жакшы идеологияны сунуштаганын көрбөдүк. Эки жетекчи Сиздин оозуңуздан чыга турган идеологияны күтүп эле жүрүшөт же алардын идеологиясы аш той менен эле чектелип калышкан окшойт. Жаштарга патриоттуулукка үндөгөн иш-чараларга көбүрөөк көңүл бурушса жакшы болот эле.

Максат Ибрай

Булак: NazarNews.kg

Последние новости