www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кургак учук "үйү" жабылуу алдында турат

2016-жылы Бишкекте кургак учук менен ооруган үй-жайсыз адамдар үчүн ачылган социалдык жатакана жабылуу коркунучунда экенин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Ачылгандан бери бул жайда 78 адам жашаган, азыр анда үй-жайсыз калган 32 киши байырлоодо. Жатаканада ысык тамак берилип, бейтаптарга убагында дарылоо ишке ашып турган.

Бул жайды ачкандар Бишкек мэриясына кайрылып, жатакананы сактап калууну суранып жатышат. Азырынча шаар бийлиги буга жооп бере электигин аталган министрликтин өкүлдөрү билдиришти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости