www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттөгүлөр өлүмүш болуп качан эл ойгонуп тиреш башталарда чыга калып бирдеме түшүндүрүмүш болот. Мурун эле айтып элге түшүндүрүп койбойбу? Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн администрациясы Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргызстанга караштуу 407 гектар аянт Өзбекстандын ушул эле район менен чектешкен, Гүлбаар айылынын жанындагы тилкеси менен алмаштырылганын  билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Байыш Юсуповдун сөзүнө таянып кабарлагандай, алмаштырылган жер тилкелери бирдей көлөмдө. Кыргызстандын Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбаар айылы Ош шаарынан чыгып бараткан автожолдун Араван районуна кире бериш жерине туура келет. Жолдун оң четинде Өзбекстандын чек ара зымдары тосулуп турат.

Өкмөттөн билдиришкендей коңшу өлкөдөн ушул жерден алына турган тилке чек ара тосмолорун ары жылдырууга негиз берет. Нуркыз Кадырбек кызы аталган тилкелерди алмаштыруу мурдатан кыргыз тараптын демилгеси болуп келгенин, акыркы келишимдерде аны делимитациялоо боюнча макулдашууларга жетишилгенин кошумчалады. Ал келишимдер качан кабыл алынганын тактап бере алган жок.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Өзбек аскерлери чек арада атайын техникалар менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты. Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин мойнуна алган. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстандын зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон. Өкмөт соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө тосмо коюу ишин убактылуу токтотуп турат деп ишендирүүдө.

2015-жылы да Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстандын тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости