www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-ж.т. Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Б.М. окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жерде турган кызыл түстөгү заттар алынды. Алынган буюм далилдерге карата соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле, бул окуяга тиешеси бар делген атуулдардын өздүктөрү аныкталып, жүргөн жерлери такталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө алынып келинген. 2019-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-ж.т. тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости