www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачыгын эле айталычы. Мамлекеттеги кыймыл эткендин баары парламентте иретке салынышы керекпи? Керек. Анда эмне үчүн оболу парламенттин бузук “деталдарын” туура кыймылга келтирип, кыйшык жерлерин түзөп алууга алсыздык кылып жатабыз? Мыйзам чыгарып элине камкордук көрүүгө чакырылган, керек болсо ошого милдеттүү депутаттар эмнеге башка нукта кетип баратышат деген суроого не деп жооп беребиз? Эң кубаттуулар ошолор болгон үчүн шалкыбыз бошоп турганы чынбы? Чын. Демек, биротоло кайдыгерликке басынган элден парламенттегилер сестенип коюшпаганы жалганбы? Ошондуктан каалагандай тайралаңдап, тескери иштерди жасоого кысынбай барып жатышпайбы?

Ооба, үркөрдөй болгон депутаттар калктын талабын аткарууга умтулуп жатышат. Аларды манжаңы бүгүп санай келсеңөтө аздык кылат. Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкиналардын курч пикирлери кээ бирөөлөрдү бүргөдөй секирткени жөн жерден эместир? Бирок, кээде алардын сай-сөөккө жеткире айтылган таамай сөздөрү тигилердин чыкыйына бара мык болуп кагыла түшөт.

Атаганат, тилекке каршы териси калыңдар булардын адал кебин тоотпой, теңсинбей жатпайбы, кашайып. Добуш бере келгенде эле азчылыктан төө матек алынып, жеңиш бозала болгондордуку экенин көргөндө көздөргө тирсек чыкканы деле ырас. Ошондуктан парламентти түзөө убактысы бышып жетилди. Ашка жүк, башка жүк болгон парламентти шилиден алып жоготуу зарылдыгы келгенин неге айтууга акыбыз жок? Күн карама төраганын, кошоматчы эл өклдөрүнүн бизге кандай зарылчылыгы бар? Күндү бекерге өткөрбөй элине пайдасы тийбеген парламентти баш маселе катары алып чыгып, тагдырын чечүү мезгилдин өктөм талабы деп кабыл алуунун өзү туура келет.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости