www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, № 69 жана № 12-мектептерге барды. 

Мамлекет башчысы № 69-мектептин класстык бөлүмдөрүн карап чыгып, окуучулар менен маектешти. Мектеп окуучулары Президент Сооронбай Жээнбековго предметтик сабактардын кандай өтүлөөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар улуттук аспаптарда ойноп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.  № 12-мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу мектептердин абалы тууралуу маалымат берди. 

Президент андан соң № 98-кесиптик лицейге барып, лицейдин иши менен таанышты, окуучулар жана окуу жайдын жамааты менен маектешти. Президент Сооронбай Жээнбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине барып, окуу жайдын абалы менен таанышты. Улуттук университетте Мамлекет башчысы борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жалпы билим берүү тармагындагы абалга баа берип, келечекке милдеттери аныктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости