www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы себеби эски Атамбаевдик партиялар электораттын ишеничтерин актай алышпай, убадаларына турушпай, элдин ишеничинен ажырады. 2020-жылкы шайлоодо дээрлик эски парламенттик партиялар кайра келбей калышы мүмкүн.

Бирден санайлы:

СДПК –Азыркы бийликтин номур бир атаандашына айланат. Эмитен ал экиге бөлүндү. Бул партиядан көп саясатчылар чыгып кетишти жана шайлоого чейин чыга бермекчи.

РАЖ –Эки тең төрагасы болгон. Ташиев 2015-жылдагы шайлоодон соң “Ата-Журтун” өз алдынча алып кетти. Бабанов Москвада эгер бийлик менен тил табышып мекенине келсе, РАЖ же “Республика” менен чыгат.

“Кыргызстан” –Бул СДПКнын жаштар партиясы катары түзүлгөн. Тизгинин Исаев, Шаки чоюшту. Азыр спикер ары-бери чапкылай баштады. Балким өзү мүчөсү болгон “Кыргызстанды” алып чыгар.

“Бир бол”-Бул партияга ортомчу болгон адамдын кетиши менен, бул партия четинен ыдырап тарай баштады.

“Өнүгүү” –Бакыт Төрөбаев ары-бери ойсолоңдоп секирип жүрүп, бул партия да оор кырдаалдарда.

“Ата-Мекен”- Эгер лидери Текебаев бошотулса, бул партия 9 пайыздык тоскоолдон өтүп кетиши мүмкүн.

Дагы шайлоого бир жылдан ашык убак бар, Атамбаевдин заманында дайыма бир аз добуш менен жетпей калып жүргөн “Бүтүн Кыргызстан”, Аргынбек   Малабаев түзгөн “Улуу Журт”,  Раим Матраимов, партия түзөм деп чамына баштаган Төрөбай Зулпукаров оңой күч эмес. Эгер шайлоого катыштырууга жол берсе Мелис Мырзакматов да тытышары айгине. Аскар Салымбеков “Эмгек” партиясы менен парламенттин даамын бир сыйра тартып көрдү. Аскар агабыз бир партия менен бирикпесе, эми чыкпайт деле болуш керек.

Күздөн баштап парламенттик оюндар башталат, бирок болжол менен эгер партиялар бирикпесе 9 пайыздык тосмодон өтүш оюн эмеси сезилип турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости