www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрт эм менен батирде жашап жүргөн үй-бүлө (Нурайым менен Азамат Сманов) үйлүү болушту. Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай аттуу төрт эмдин ата-энесин куттуктап президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев менен Октябрь районунун акими Максим Ситников барды.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдирүүсүнө караганда, төрт эм акысыз сүт азыктарын жана акчалай жөлөк пул алып турушат. Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, үй-бүлөгө 90 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми республикалык бюджеттен сүйүнчүгө 16 миң сом берилди.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-февралында төрт эм жарык дүйнөгө келип, президент үй-бүлөгө 2 миллион сомдук сертификат тапшырып, Өкмөт 150 миң сом бөлүп берген.
Булак: NazarNews.kg