www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пенсия көбөйөт

Пенсия курагындагыларга жагымдуу кабар Өкмөт 2019-жылдын октябрь айында пенсияны көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу 5-декабрда парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы пенсияны көбөйтүүгө 660 млн. сомго чукул каражат бөлүү каралган. Ал сумманы дагы көбөйтүү пландалууда.

ЖКнын депутаттары айлыктын бир бөлүгүн көмүскө алган учурларды ачыкка чыгарууну сунушташты. Социалдык фонд бул багытта жумушчу топ иштеп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 682 сомду түзгөн. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости