www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жылдык кирешесин жана ээлик кылган мүлкүн жарыялады.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турушу зарыл. Мыйзамдагы бул эрежени дагы далай чиновниктер аткарбайт. Ал эми аткаргандардын басымдуу бөлүгү карапайым элден да бечара болуп чыга келет.
Айтсак, декларациядагы маалыматка ылайык, өкмөт башчыга таандык 2,6 миллион сомдук 52 жылкысы, 880 миң сомдук 22 бодо малы жана 2 миллион сомго бааланган 500дөн ашык эчкиси жана кою бар экен. Андан сыркары, ал 2018-жылы 826 461 сом киреше тапкандыгы айтылса, баш калкалаганга үстүндө тамы, алдында темир тулпары жок экен. Үй-жайы жокторду эл арасында “бомж” деп койчу беле өзү? Дал ошондой экен.
Андан сырткары, дагы бир саясий фигуранын декларациясы кызыгуу жаратты. Ал - президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиев. Анын толтурган декларациясына ылайык, эл өкүлү 2018-жылы 803 миң 603 сом гана киреше тааптыр. Дагы 702 миң сомго бааланган бодо малы жана 378 миң сомдук кой-эчкиси бар экен. Кыймылдуу мүлкүнөн болсо Toyota Land Cruiser унаасы көрсөтүлгөн. Эң кызыгы анын жакын туугандары болсо премьерге окшоп “бомж” немелер болуп чыга келди.
Булак: NazarNews.kg