www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүн “журналистмин” деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2019-жылдын 13-ноябрында Баткен шаарынын “Жеңиш” паркында азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы жигит ошол жерде эс алып олтурган студенттерге ар кандай суроолорду берип, өзүн “журналист” катары тааныштырып, алардын ишенимине кирип алдоо жолу менен “Rеdmi Note 7А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, изин жашырып кеткен.
Бул факты Баткен ШИИБинин КЖБРне катталып, Баткен ШИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен ШИИБинин криминалдык милиция кызматкери аталган кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Н.Д. аттуу Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылынын тургунун Нарын шаарынан кармап келген.
Азыркы күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жарандын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg