www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прессаны колдоого мамлекеттен каражат бөлүнөрү айтылды

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттен акча бөлөт. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө көңүл басылмаларга бөлүнөт жана президенттин облустук гезиттерди колдоо боюнча алгачкы чечимдери кабыл алынды.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарына субсидиялар ар кандай беренелер боюнча бөлүнөт. Бизге кеңири агартуу ишмердүүлүгү абадай керек, бул ишти кароосуз калтырып, рынок механизмдерине ишеним артууга акыбыз жок. Мамлекет сапаттуу журналистикага жана активдүү прессага кызыкдар”, - деди Байсалов.

Кыргызстанда былтыркы парламенттик шайлоого карата 61 телекомпания, 27 радиокомпания, 59 гезит-журнал жана 77 интернет-басылма катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости