www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды.

2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыгы деп аныкталган.

2019-жылы региондорду өнүктүрүү боюнча тандалган багыт уланган. Санариптик технологиялар калктын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү фактор экенин эске алуу менен, 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияларга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коом өлкөсү болушу керек, мамлекет адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү зарыл.

Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды.

Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда.

Алар менен катар мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары балдарды, өзгөчө жетим, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоо дагы Жарлык аркылуу белгиленген.

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды социалдык жактан коргоонун деңгээлине таасир эткен ички миграцияны кыскартуу максаты да коюлууда.

Бул тенденцияны эске алуу менен быйылкы жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Жарлыкта конкреттүү белгиленген бир катар милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости