www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы валюталык курс боюнча 2 млрд 720 млн сомду кечип ийген «боорукердиги» менен даңкы чыккан Аида Салянова эркек болсо бир жөн, бирок жапжаш супсулуу кыз болуп туруп, акча дегенде жантыгынан жата калганына жол болсун. Юстиция министрлигинин статс-катчысы Аида Салянова «Центерра» элди багыш үчүн бюджетке төлөй турган 32 млн. долларды эсептен чыгарган. Албетте, мындай миллиардаган сомду «Центеррадан» кызыл кекиртегин майлабай бекер кечип коймок беле? Ушунча миллиардаган акчаны кечиш үчүн анын канча «доля» алганын ким билет? Негизи акча жегичтердин «желдеттеринин» бирине айланган кыз-Салянова кызмат жагынан «чоң секирик» жасай турган талапкерлердин бири эле. Муну анын атасы кой уурдап Ак-Талаадан куулуп чыккан атасы Жеңишбек түшүнбөсө да, «Ата-Мекен» партиясынын лидери түшүнүп турган. Баса, Салянова кой уурдап Ак-Талаадан куулган атасына “эмгек сиңирген” наамын алып берип, учурда эң жогорку пенсия менен мамлекеттин камсыздоосунда. Муну азыр Саляновага атайын уюштурулган каралоо деп айтышы мүмкүн, бирок бул чындык. Салянованын айылдаштары эң жакшы билишет, эч кимдин эсинен чыга элек, алардан сураса болот. Саляновдордун жер которгонунун себеби мына ушунда.

Атамбаевдин «генпрокурору» Салянова Садыр Жапаровго неге асыла баштады?

Аида Салянова Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү Башкы прокурору болуп, далайлардын убал-сообуна карабай, түрмөдө чириткен. Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши Аида Жеңишбековна менен тыгыз байланыштуу. Бирок эмнегедир жазаны Атамбаев жалгыз тартып, Аида Салянова аппак куу болуп жүргөндөй. 2020-жылдын ноябрында Салянова “тирилип”, ал маалымат аркылуу Садыр Жапаровдун 1,5 миллиард сомду эсептен чыгарды деген билдирүүсү тууралуу түз эфир уюштурган.

Эфирдин башында эле ал Садыр Жапаровдун 2012-жылдан бери интернетте жигердүү тарап келген видеолорунун бирин көрсөттү. Видеодо Садыр Жапаров 2009-жылы Аида Салянова "Кумтөргө" 1,5 миллиард сом салыкты кечип салган деп айтып, кол коюлган жарлыкты көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. "Бул карандай калп! Мен өз убагында мындай сумманы эсептен чыгарган эмесмин", - деген мурдагы башкы прокурор. Бирок ал чыгарбаса ким чыгарды?

Аида Салянова кимдерди каматкан? 2012-жылдын 22-июнунда ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште Нариман Түлеев мэр болуп турганда автобустар үчүн $1 млн 412 миң сомду мыйзамсыз алган деп билдирүү жасап, аны 4 жыл жалган жалаа менен тордун артында кармап турган. Салянова Башкы прокурордон кеткен соң бул иш оң чечилип 2015-жылы май айында Нариман Түлеев эркиндикке чыкты. Аида Салянованын аксымдыгы ошол боюнча калып калган жок ал Башкы прокурор болуп туруп 2О12-жылдын күзүндө Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду мүңкүрөтүп, Укук-Кылмыш Кодексинин 295 жана 297 беренеси боюнча жайга чейин жазыксыз 8 ай камаган. 2013-жылдын жайында Саляновага салаасынан баш бармагын көрсөтүп Бишкек шаардык сотунун сульясы Курманкул Зулушев актап чыккан. 2013-жылдын ноябрь айында мурунку экс-спикер Акматбек Келдибековду тооруп ага учурунда Соцфондду жана Салык кызматын жетектеп турганда кылмыш иштерин жасаган жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары Орусияда парламенттин өкүлчүлүгүн туура эмес ачкан деген жалган шылтоолор менен Башкы прокурордон түшкүчө 304-берене менен асылып келген. Булар эми «киттер» ал эми майда болгондор тууралуу санабай эле койолу. «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба» дейт. 2016-жылдын 26-декабрында Аида Салянованын өзүнө 304-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Аида Салянованын мойнунда бир топ иштер турганы менен ал же Атамбаевге, же башкага туура пикирин айта албай титиреп тургандай.

Аида Салянованын Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кантип узарткан?

Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылып келген экс башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги иштин кандай болгону тууралуу видео аркылуу ачык айтып берген. Батукаевге карата болгон иште дарыгерлердин ал адамдын аз өмүрү калганы тууралуу кагазы болгону чындык экенин баса белгилеген.

Жогорку сот мурдагы юстиция министри жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча ишин караган. Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган. 2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

2014-жылдын декабрдын аягында Аида Салянова «Манас» ордени менен сыйланат да, көп өтпөй австриянын «Хэнделс» компаниясын колдоп жүргөндүгүнүн айынан Башкы прокурордон кетет. Эки жылдан соң 2016-жылдын 26-декабрында Башкы прокуратура Аида Салянованын үстүнөн кылмыш ишин козгойт. Деги өзү 70 миң долларлык, жубайы 120 миң долларлык кымбат машиналарды тээп жүргөн Салянованын башына неге мынча «кара булут» айланды? Жооп издейли…

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости