www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик демилге менен даярдалган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү, шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы(түрү), администрациялык-аймактык бирдиктер жана башка мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча, элдин эркин билүү максатында, референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна Н Е Г И З Д Е М Е

Эгемен Кыргызстандын Конституциялык реформаларынын тарыхынын уландысы

Президент Атамбаевдин «узурпаторлугу»

- 2010-ж. апрель революциясынын кийин убактылуу кыска мѳѳнѳткѳ бийликке келген Убактылуу Ѳкмѳт ѳзүнүн тарыхий миссиясы болгон, - Президенттик жеке башкарууну жою максатында Парламенттик башкарууга жакын саясий система камтылган жаңы Конституциянын долбоорун кыска жана ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде иштеп чыгып, 2010-ж. 27-июнундагы референдумга алып чыкты.

Чындыгында референдумга чыгарылган Конституциянын долбоорунда беренелердин арасында карама-каршылыктар, мамлекеттик тилдеги варианты менен расмий тилдер текстер дал келбей редакциялык техникалык жактан кѳп катачылыктарга жол берилген. Алар азыр да сакталуу. Мындай катачылыктар убакыттын тардыгы, ѳлкѳнү тезинен укуктук талаага алып келүү муктаждыгы, ѳлкѳдѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалдык абал менен түшүндүрүлѳт.

Бирок Убактылуу Ѳкмѳттүн негизги кетирген кемчиликтери булар эмес эле, эң башкы катачылык Бакиевдер тарабынан киргизилген Жогорку Кеңештин депутаттарын 100% партиялык тизме менен шайлоо сакталып калгандыгы болгонун мезгил тастыктады.

Экинчи чоң каталык Жогорку Кеңештин ѳзгѳчѳ ыйгарым укугу болгон Конституцияга, мыйзамдарга чечмелѳѳ, түшүндүрмѳ берүү укугу да Конституцияда каралбай калган.

- Ушул катачылыктын кесепетинен айрыкча Президент Атамбаев, анын аппараты ошондой эле Жогорку Кеңеш, Ѳкмѳт, соттор ж.б. бийлик органдары Конституциянын жоболорун ѳздѳрү каалагандай түшүнүп колдонушууда.

- 2010-жылдын күзүндѳ ѳткѳн Парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 35-36% пайызы катышып 5 саясий партия 5% барьерден ѳтүп болгону 5-8% чейин добушка ээ болуп, бирок бүткүл шайлоочулардын добушун пропорциялдуу бѳлүп алышкан.

Эске сала кетсек, мурдагы бийлик учурунда Баш мыйзам жоголуп кыргыз бийлиги дүйнө жүзүнө уят болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости