www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюуу үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Бул — коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири.
Бишкекте өткөн жыйында коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн өкүлү Азимбек Бекназаров орус тилине байланыштуу маселеге мындай комментарий берди.
«Орус тили бизге керек. Бирок ал эл аралык тил макамы менен керек. Сыртка чыкканда колдонуш үчүн керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулушу керек. Макамы — Бириккен Улуттар Уюмунун тили — англис тили сыяктуу эл аралык болушу керек. Мамлекеттик тил — кыргыз тили эле болушу керек. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетебиз», -деди ал.
Булак: NazarNews.kg