www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергияга болгон баа өзгөрүлбөйт

Электр энергияга болгон тарифтер мурунку бойдон калат. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Миргүл Айдарова ЖМКга билдирди.

Орун басардын айтымында, жаңы тарифтик саясатты кабыл алышкан жок. «Мындан улам мурда кабыл алынган тарифтик саясат гана мыйзамдаштырылды. Бул баалар жаңы орто мөөнөттүк тарифтик саясат кабыл алганга чейин өзгөртүлбөйт», -деди ал.

2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Ошондой эле, жылуулукка болгон баа да өзгөрүлгөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости