www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жыл, 17-ноябрь. Баткен обл.прокурору Анарбай Мамажакыповдун сырдуу ѳлүмү жана шектүү катары М.Калыковдун камакка алынышы тууралуу Баткен ОИИБнын жана Прокуратуранын пресс катчыларынын билдирүүлѳрү, тергѳѳ тууралуу Баш прокуратуранын полковниги Замир Бейшекеев менен ИИМдин полковнигинин 2018-жыл 29-ноябрь күнү берген маалыматтары “Aки-пресс”, “Ютуб”, “Фейсбук”, телевидение, газеталар аркылуу таркап, бирок, кыргыз эли “А.Мамажакыповду коллегалары эле ѳлтүрүштү” деп чыгышты.

Чоң-Алай эли М.Калыковдун бул ишке барышына ишене алышпай, ал эми Баткен эли тергѳѳ адилет болушу үчүн барган прокурорлорду толук камакка алууну суранышып, эки райондун эли Президентке кайрылуу жасашкан. Ишенбѳѳчүлүк эмнеден чыгууда? Окуяга чейин эмне болгон? 2018-жылдын 16-ноябры. Облпрокуратуранын кызматкери Калыков Азамат той ѳткѳрүп, Калыков Мелис облпрокуратурдан келген конокторду тейлейт. Тойдон кийин, облпрокурордун орун басары А.Байбосунов ѳзүнүн жакын жердештери райпрокурор М.Калыбеков, "Столичный" арак-вино заводунун атайын ѳкүлү Эрнс жана замрайпрокурор Санжар болушуп райпрокуратуранын имаратында үндѳрүн угузушпастан, тѳрт саат акырын сүйлѳшүп олтурушат. Эмнени?

Окуя кандайча болгон?

М.Калыбеков түнү менен кабинетинде болуп, таң атканча ар бир ишти ийне-жибине чейин тактап чыгат. 17-ноябрь күнү эртең менен "Столичный" арак заводунун ѳкүлүн жана анын сырдуу "даярдамасын" кошо бир ящик арагын алып, УОСтун НИВА машинасы менен кетишет. Башка бир машина менен облпрокурордун эки бѳлүм башчысы кетишет. Башка адамдар, башка машина тууралу мезгилинде айтылат. М.Калыков досунун “Лексус” машинасын сурап, А.Мамажакыповду, анын эки орун басары А.Байбосунов менен Э.Ажибековду алып ѳзүнчѳ кетет. А.Байбосуновдун демилгеси менен жеткенче 3 жерде арак ичилет. Барчу жерге барышып, М.Калыбеков куйган шектүү арактан бир рюмка ичкенде эле М.Калыков эсинен танат. Бир ай ѳткѳндѳн кийин гана бир аз ѳзүнѳ келип, эсинде калгандарын айта баштаган. Ким операция болуп наркоз алган болсо билет, сүйлѳй албайт, колу-буту кыймылдабайт, бирок, бир нерсени кѳрѳ алат, эстей алат.

М.Калыков мына ошондой абалда болуп, кѳзү ачылып маркум А.Мамажакыповду райпрокурор М.Калыбеков жакалап турганын, дагын бир ачылганда эки прокурор анын колуна бычак карматып жатканын кѳрѳт. Андан кийин, “Лексус” машинанын ролунда райпрокурор Мирлан Калыбеков, жанында бѳлүм башчы Алтынбек Кожоназаров, артында аны Арслан Байбосунов кармап баратканын кѳрѳт. Атайын нервно-параличтик дары кошулган арактан уулангандыгын аныктоо максатында окуянын 6-күнү М.Калыковдон алынган кандын анализи 2 ай болсо да чыкпай келет.

Кылмыштуу топ А.Мамажакыповду тоодо эле уруп токмоктоп, тиштерин сындырып, мыкаачылык менен ѳлтүрүшүп, ууланган М.Калыковду ѳлүктѳй кылып машинага кошо салышып, тап-такыр тескери жакка алып барышат. “М.Калыков ѳлтүрдү”- деген түшүнүк жаратуу үчүн, ѳз ара макулдашышып, “тоодон кайтып, суу сактагычтын жанындагы кафеге киришип, ал жерден ролдо М.Калыков, А.Мамажакыпов экѳѳ кетишкен”- деген сценарийди окшош кылып жазышат.

Чынында, М.Калыков тоодо эле ууланып, машинаны айдамак турсун, баса да албай калган болот. Экѳѳнү чогуу “кѳргѳн” күбѳнү да “табышат”. Күбѳ ким? Наркотик менен отуруп чыккан, А.Байбосунов крышовать этип турган, акысын М.Калыбековдун орун басары Санжар аркылуу берип турган жигит болгон. М.Калыбеков “А.Мамажакыпов менен М.Калыков экѳѳ чогуу “Лексуста” кетишкен, мен алар жакалашкан жерде болгон эмесмин”- деп кѳрсѳтмѳ берет. Бирок андай эмес. Ал минген “НИВАнын” сыныгы ѳлүк жаткан жерден табылат. “Каргашанын изи” кылып кѳрсѳтүү үчүн, мылтык гильзаларын калтырышат. М.Калыковдун мылтыгы 20-калибрлүү, ал эми табылган гильзалар 12-калибр.

Тоого барылган алты мылтыктын бири айтылбай келет, ал “кандуу мылтыкты” издеген жан жок. Ал тараптан Баткенге карай “Лексус” менен “Нива” чогуу Кызыл-Жол айылынан ѳткѳнүн кѳргѳндѳр болот. Окуя болгон күнү кечки саат 23тѳн баштап, эртеси 19га чейин 20 саат бою М.Калыковду УВДда адам чыдагыс кыйноого алышып, башка нерсени айтышып, “А.Мамажакыповду кокус атып алганмын”- деген сүйлѳмгѳ кол койдурушат. Эртеси Башпрокурор ϴ.Жамшитов келип, шектүүлѳрдү каматпастан, тескерисинен, актанып кетишсин дегенби, бошотуп коёт. Анын эртеси жанагы прокурорлор түн жамына аялдарын-балдарын кетиришет, тагыраагы, качырып жиберишет. Эмне үчүн мындай кылышты? Иликтѳѳгѳ прокуратура ѳзү тоскоолдук кылып келет.

Анткени, "кѳзѳмѳлдѳѳ" шылтоосу менен тергѳѳ материалдарын алып коюп жаткандыктан, ишти башкага ѳткѳрүп берүү тууралу тергѳѳчү адвокатка бир канча жолу сунуш киргизген. Баш прокуратуранын полковниги Замир Бейшекеев менен ИИМнин полковнигинин чогуу билдирүүсү, тергѳѳ кандай жүрүп жатканын ачыктап койду. Эске салалы.

1). Билдирүүдѳ, “Баткен облусунун прокурору А.Мамажакыповдун ѳлүмүнѳ ѳзүнүн айрым аракеттери себеп болгон”- деген мааниде айтылды. Кандайча? “А.Мамажакыпов облпрокурор болуп келген күндѳн баштап эле УКСтун директору М.Калыковдун үстүнѳн 3 жолу иш козгоп, аны каматам деп коркутуп, экѳѳ касташып келген”- деген мотив келтирет. Чынында, бир да жолу иш козголбоптур, касташпаптыр, алар достошуп, ѳз ара чогуу иш алып барып жатышыптыр. Окуядан 10 күн мурда А.Мамажакыпов Ошто баласын үйлѳп, М.Калыков тойго чакырылып, маркумдун бир баласын ѳкүл бала кылып ала турган болуп кайтат.

М.Калыков жаңы келген облпрокурорго кирип, обл.прокуратурадагы коркунучтуу коррупциялык системаны айтып берет. Анда А.Мамажакыпов айткандарын кат жүзүндѳ жазып берүүсүн тапшырат. М.Калыков 6-11-2018 № 0113/704 кат менен жазып берет. Баткен облусунда наркомафияны, контрабанданы кимдер крышовать этип, кимдер аткаруучу экендиги, кимдер кимдерди кантип коркутуп акча алып жүргѳнү ошол катта айтылат. Кат “Фейсбук” аркылуу толук жарыяланган. А.Байбосунов башында турган коррупция менен күрѳш башталганда, коркунучтуу кримтоп экендигин ѳз үй-бүлѳсүнѳ убагында айткан экен, аны маркумдун уулу ЭлТР аркылуу "Азаттыкта" айтып чыкты.

2). Экинчи билдирүүдѳ: “тергѳѳ иштери аяктады, шектүү М.Калыков жасаган кылмыштарын мойнуна алды”- деп айтылды.

Бирок окуя таптакыр башкача. 17-ноябрь күнү эч нерседен кабарсыз Мелис үйүнѳ келип, бетин жуумак болгондо, артынан тоодо чогуу болушкан прокурорлор бут кийимдери менен жабалактап киришип А.Мамажакыповду сурашат. “Ал киши силер менен чогуу эле го”- дегенде, дагын башка чындыктар айтылып калбасын дешип, апасын кыйкыртып Мелисти колдорун кайрып алып кетишет. Алгач ШИИБнѳ алпарышып саат 20-23 аралыгында сурак болуп, 6 минуталык аралыктагы СИЗОго 20 сааттан кийин гана киргизишет.

Бул убакыт ичинде УВДга алып барышып, замначтын кабинетинде адам чыдагыс кордук кѳрсѳтүшүп тепкилеп, салафан кийгизип муунтушат, анын адам чыдагыс кыйкырыктарын угуп жаны кейигендер болот. Акыл калчай албаган абалга жеткиришип, “мен билбейм” деп окушуп, “мен жасадым” деп кол койдурушат. Ушундай 20 сааттык “процедурадан” кийин СИЗОго чала ѳлүк кылып алпарып салышат.

Жергиликтүү адвокат сутка бою суракка катыша албай, 21 сааттан кийин Мелиске кирип, башы шишип, бети- кѳзү кѳгѳрүп, оозу куурап, араң дем алып жатканын кѳрѳт. Бир баклашка суу берсе, дем албастан шимирип салат. Эртеси кечинде Оштон бир, Бишкектен эки адвокат келишкенде, аларды киргизишпей коюшат.

Кыйноодон 5 күн ѳткѳндѳн кийин, зомбулукка каршы борбор Мелистин денесиндеги мыкаачылык кыйноонун дактарын тартышып интернетке жарыялашат. Интернетти кѳргѳн УВДнын замначальниги “денесиндеги дактар милицияга келгенде эле бар болучу» деп, ал да ММКдан чыгат. Бирок апасы үйгѳ келгенде денесинде кыйноо белгилери болгон эмес дейт. Милициядабы, тоодобу, кай жерде болсо да прокурорлор сабап жатпайбы. Мына ушундай абалды Башкы прокуратура ѳкүлү З.Бейшекеев “тергѳѳ иштери аяктады”, “М.Калыков күнѳѳсүн мойнуна алды”- деп жар салды.

3). Yчүнчү билдирүүдѳ: “А.Мамажакыповдун ѳлүмү боюнча күбѳлѳр кѳрсѳтмѳ берип бүтүштү”- деп айтылды. Прокурорлордон башка кайсы күбѳ кѳрсѳтмѳ берди? Башка дагын кимдер болгондугун тергѳѳчү билеби? Прокурорлор “кѳзѳмѳлдѳп турушубуз керек”- деп материалдарды алып турушат экен. Тергѳѳ иштери прокуратура каалагандай жасалып, ѳлтүрүүгѳ шектүүлѳр күбѳ болуп калышууда. Басым күчтүү, тергѳѳ кыйын. Кыргызстанда прокурор кылмыш жасаса, аны тергей турган, кѳзѳмѳл кыла турган система жок экен. Бут кийимин тѳргѳ илип, эл ишениминен чыгып калыптыр.

4). Тѳртүнчү билдирүү: “тоого чыгууну А.Мамажакыпов уюштурган” деп айтылды. Чындыгында, А.Мамажакыпов каршы болуп, орун басары А.Байбосунов уюштуруптур. Той ээси Азамат Калыков тамак-аш, ичкиликтерин бере турган болот.

Тоого ким даярданып, ким айласыз барды, фото-сүрѳт да айтып турат. А.Байбосунов (оңдон экинчи) менен М.Калыбеков (солдон биринчи) абдан даярданып, А.Мамажакыпов курткасын жамынып кокус чыкканы байкалып турат. Борбордук эки чиновниктин маалыматтарынан кийин эркин маалымат каражаттары окуя болгон жерге чалышат, адилет журналисттердин бардыгына шүгүр. Окуя Баткенде болду, “шектүү” да, тергѳѳчү да Ошто.

Прокурорлордон башка дагын кимдер бар эле, такталдыбы? Жок! Жагдайды билген адамдар бир ооздон уюштуруучу А.Байбосунов болгон дешет. Андай А.Мамажакыповду жакалаганы, Р.Мамановадагы А.Мамажакыпов менен телефон аркылуу сүйлѳшкѳн “записи”, баласынын атасы айтып бергендерди айтып жатышы,.. айтор, чындык даана байкалып эле турат.

Прокурорлор маркумду талаага таштап, ууланган М.Калыковду “Лексус” машинасына салышып, Баткен шаарына жакын алып келишет да, аны рулга отургузуп, алыстан эки машинада акмалап турушат. Бир топ убакыттан кийин М.Калыков ѳзүнѳ келип, башы катуу ооруп, тааныш молдосуна жѳнѳйт. Окуя болгонго чейин беш күн мурда, ал башы катуу ооруп ооруканада дарыланып жатып, ошол молдо жигитке кайрылып турган.

Молдо массаж жасап, Мелис бир аз ѳзүнѳ келип, 20 минутадай убакыттан кийин “Лексусту” ээсине бензинин толтуруп бермекчи болушуп заправкага карай жѳнѳшѳт. Кайдан пайда болуп калат, райпрокурор М.Калыбеков НИВА машинасы менен тосуп, М.Калыковду ынак досундай кучактап, НИВАнын артынан арак алып чыгып, экѳѳ бир рюмкадан ичишет. М.Калыков тамеки тартмакчы болуп жатканда райпрокурор М.Калыбеков “Лексустун” ачкычын алып, “бул шефтики, сен жеп кой” деп НИВАдан устуканды молдого ыргытып, коштошпостон машинасына олтуруп кетип калат. Эмне максат менен келди, эмне үчүн ачкычты алып, кучакташкан прокурор коштошпой кетип калганына молдо таң калат. Эмне үчүн мындай кылды?

Кызык жери, М.Калыбеков “Лексус” машинаны кууп келер алдында доогерде башка ой калтыруу максатында А.Мамажакыповду издеген болуп анын үйүнѳ барып, уулуна жолугат. Эмне үчүн ошол жерде “бул атаңдыкы эле” деп устуканды баласына бербей, бир топ убакыттан кийин бѳтѳн адамга берип жатат?

Мелис машинасына олтуруп айдайын десе ачкыч жок. Молдо жигит окуяны айтат, экѳѳ ара жолдо калат. Эч нерседен күмѳн санабаган М.Калыков “кайра келет да, кете берели” деп, “Лексус” ачык калгандыктан, буюмдарын алып, ичин бир сыйра текшеришип, эч нерсе жок экенин кѳрүшүп, такси кармашып, молдонукуна кетишет.

Акмалап турган М.Калыбеков алар кеткенине ынангандан кийин кайрадан А.Мамажакыповдун үйүнѳ барып, анын уулун алып келип “Лексусту” кѳрсѳтѳт, анан УВДга телефон чалат, “К.Турмаматов кѳчѳсүндѳ машина турат, ДТП”- деп. “Райпрокурор М.Калыбеков айтты, барып акт жазылды”- дешип УВДнын кызматкерлери ММК аркылуу айтышат. Милиция кызматкерлери телефон чалынгандан кийин да бир саат кечигип барышат. “Ичинде кандын тактары байкалды, кан болгон бычак, патрондор табылды”- дешип, М.Калыковдун катышуусуз акт жазышат да, машинаны УВДга алып кетишет.

Милиция машинанын ключун кимден алган? М.Калыков молдонун үйүндѳ бир аз эс алып, аялына “машинаны айдап кел”- деп телефон чалат. Аялы келгенде, бирѳѳнүн машинасы ара жолдо калды деп, бир нерсе кылып ээсине тапшырмак максатында ѳз машинасы менен молдону шерик кылып алып жѳнѳйт. Yйүнүн тушуна келгенде, аялын түшүрүп коюп, заправкага кетишет.

Заправкадан бир бачок бензин алып келишсе, “Лексус” ордунда жок. Оюнда жамандык жок “мени мас деп коопсуз жерге алып кеткендир”- деп, модонукуна келишет. Устукан менен бензин молдокунда калат. Эмне үчүн район прокурору машинаны арест кылбастан М.Калыковго арак ичирди? Эмне үчүн ошол жерде эле милицияга чалган жок? Эмне үчүн машинаны бекитпестен, ключун алып кетип калган? Машинаны бекитип кеткенде, салонго кандуу бычак, патрондор кантип ташталмак, бул жагы да дыкат ойлонулган. Дагы бир кызык окуя, бардык аскердик гарнизондор, милиция тревога менен тургузулуп, “ѳлүктү” издей башташат. Анын ѳлгѳндүгүн кайдан билишет? Ошончо адам таппай жатышса, район прокурору М.Калыбековдун орун басары Санжар түз барып тоолор арасынан таап алган имиш. Ага жердеш жетекчиси “шыбырап” койгон эмеспи?

Прокурорлор окуяга күбѳ молдонун “оозун жабуу үчүн” аны чала ѳлүк кылып сабашып, мээсине доо кетиришет. Мээси чайкалып, “ѳлтүрүп кетишет” деп коркуп, жашынат. Оорусуна чыдабай, дарыланбаса ѳлѳ турганын билип, ооруканага кайрылат. Дарыгерлер жаткыруудан коркушуп жаткырышпайт, алардын айткандарын молдо жигит телефонуна тартып алат. Мына ушундай болгон окуялар тууралуу борбордук эки чиновник айтышпады. Прокурорлордун ѳлгѳн коллегасын күнѳѳлѳп жатышы да адамдык сапат эмес. Кандай болсо да УВДда адилет офицерлер бар экен, “алардын ордунда милиция болгондо бардыгын камакка алышмак”- деп жан кейите айтып жатышат.

А.Мамажакыпов мыкаачылык менен ѳлтүрүлгѳн күнү анын жанында кимдер тегеренип жүрүшкөн?:

1. Облпрокурордун орун басары Арслан Байбосунов.

2. Облпрокуратуранын бѳлүм башчысы Алтынбек Кожоназаров.

3. Облпрокуратуранын бѳлүм башчысы Улан Эгембердиев.

4. Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков.

5. Баткен районунун зам.прокурору Санжар Кочкорбаев.

Булар бардыгы А.Байбосунов жетектеген топ жана жакын жердештер болуп, булар тууралуу маалымат “Фейсбукта” бирдей жоголуп, жалгыз Э.Ажыбековдуку сакталып турганы да, кримтоп кимдер экендигин айтып турат.

С.Кочкорбаев ок-дарыларды камсыз кылган, окуядан кийинки жасалма версиялардын автору, эч ким таба албаган тоо арасында жаткан ѳлүктү түз эле барып таап алган “күбѳ”, ошол эле учурда райондук прокурордун милдетин аткарып, адвокаттарды М.Калыковго киргизбѳѳ боюнча милицияга кѳрсѳтмѳ берген. Ал эми облпрокурордун биринчи орун басары Эмил Ажыбеков жанынан коркуп, кызмат машинасын чакыртып, тоодон келе берген. Булардан башка эч жерде айтылбай келе жаткан дагы тѳрт киши, эки машина болгон. Бардык версиялар далилдүү. Салыштырыңыз, бул версиялар менен уккан версияңызды? Баткенде чиелешкен, бирин-бири колдоп турган коррупцияга каршы ким күрѳш баштайт, Президенке ким колдоо кѳрсѳтѳт, азырынча бүдѳмүк.

Адилет Карабасаров, Баткен. (Абал кооптуу, псевдоним менен чыктык) “Майдан. kg” гезити

Последние новости