www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дача Су дегенде баарыбыздын сай сөөгүбүз сыздайт эмесби, жылына бир жолу эстеп, калган убактарда унутулуп кала берилген жүктүн ээси табылабы же тарыхта кара тамгалар менен жазылып, сыр бойдон калып кала береби...?
Бул каргашалуу жук коомчулукту да ойго салбай койгон жок. Алардын бири Фейсбуктун активдүү колдонуучуларынын бири Наргиза Токонова өз ою менен бөлүшкөн.
"Жашыңдан санаа тартып, куса болгон, ойлуу жүзүң, жүрөгүмдү жаралап,ыйлатты... Ооба, ошол каргашалуу 2017 - жылдын, 16- январы болбогондо, Жакшылык деле бактылуу, балкыган балалыктын доорун ата- энеси, бир туугандары менен өткөрбөйт беле. Аттиң, көр дүйнө! Бешиктен бели чыга элек баланы жакындарынан ажыратып, жалгыз калтырган жүктүн ээсин жер жутуп кеткендей, ушул убака чейин белгисиз болуусу ар бир Кыргыз жараанын ойлонтпой койгон жок. Эси кеткен бийликтен жүктүн ээси ким деп сураганыбыздан жыйынтык чыгабы же болоору болду, боесу канды деп боздоп кала беребизби...? Эмне болгондо да Жакшылыктын келечеги кең, омүрү узун, бактылуу,адилеттүү болуп, чоңоюп, жетилишине тилектешмин".
Булак: NazarNews.kg