www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жаңы Конституциясы даярдалып, 2022-жылы-жылы кабыл алынат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Баш мыйзамдын 29 жылдыгына карата калкка жасаган кайрылуусунда билдирди.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, мурдагы “мамлекет-коом-киши” деген принцип “киши-коом-мамлекет” болуп өзгөрөт; экономикалык жараяндар учурунда элдин кызыкчылыгы башкы критерий катары каралат; жарандык коом институттарынын макамы жана ролу күчөтүлөт; үй-бүлөнү өнүктүрүүгө, улут аралык ынтымакты бекемдөөгө, жаштардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурулат; “Жаңы Өзбекстан -социалдык мамлекет” принциби бекемделет; балдарды мажбурлап ишке тартууга бөгөт коюлуп, майып жана улгайган кишилердин укуктары корголот; бала бакчаларды, мектептерди, жогорку мектептерди жана илимди өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Мирзиёев 6-ноябрдагы ант берүү салтанаты учурунда “Конституцияны жакшыртуу зарылдыгы” жөнүндө кеп кылып, бирок Баш мыйзамдын кайсы жоболору өзгөртүлөрүн айткан эмес.

Мирзиёев конституциялык реформалар тууралуу жарыялагандан кийин өзбек коомчулугунда президенттик мөөнөт өзгөртүлүшү мүмкүн деген кеп тараган.

Өзбекстандын азыркы Конституциясы боюнча бир киши эки гана мөөнөткө жана беш жылга президент болуп шайлана алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости