www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядан КР Президенти Садыр Жапаровго, Шамурза Бөрүкулов кайрылуу жасап, мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Өлкөгө ынтымак орнотуп, эл ичине береке алып келе турган акыйкат башкаруучу, же болбосо, баардык бийлик колуңузда турганда: өлкө байлыгын талоонго коюп, уурдап, жети муун урпактарыңызга жеткидей кылып байып алып басып кете турган эки жолуңуз бар.
Биз кыргыздардын мактанып айта турган көп артыкчылыктарыбыздан тышкары, эч бир башка улутта жок бөлүнүп-жарылуучу ит адаттарыбыз да бар. Ал түштүк, түндүк маселеси. Бул жаман адатыбыз өтө назик маселе болгондуктан, көпчүлүк адамдар "мага тийбе бакыраң көз, сага тийбейм бакыраң көз" болушуп, көздөрүн жумуп өтүшөт.
Дал ушул кеселибиздин кесепетинен эл арасында ынтымак качып, өнүкпөй жүрөбүз.
Ошондуктан колуңузда бийлик турганда: түштүк, түндүк маселесин колдон келишинче чечишке аракет кылып көрсөңүз жакшы болмок. Бул балакет адатыбызды түп тамыры менен жок кылып жиберүү кыйын, себеби, каныбызга адат болуп орношуп алган.
Бирок, элди бөлүп жарган бул көрүнүш өлкөнүн бардык региондорунда бирдей эмес. Өрчүп-өнүгүп, өздөрүнүн гана эмес, өсүп жаткан урпактарынын аң сезимине чейин орноп калган трайбализм өзгөчө Чүй өрөөнүнүн адамдарына, борбор шаарыбыздын айлана чөйрөсүнө көбүрөөк тиешелүү.
Себеби, алар союздун убагында орустар менен аралашып жашап калышып, орус тилинде жакшы сүйлөп, орустар менен келген цивилизацияга, маданият-культурага эрте жетишип, кээ бир уятсыз кыймыл-аракеттери орустарды жолго таштап койгон чекке жетип, ошол эле маалда кыргыздын салттарын, үрп-адаттарын, кыргыздардын жашоо менталитетин эскиликтин калдыгы, жапайычылык дешип эсептеп алышкан.
Ошон үчүн түштүктөн келген кыргыздарды жактырышпай, кемсинтишип, өздөрүнө тең көрбөй мамиле жасап келишет. Уул-кыздарына түштүктүн элин түркөй, тили бөлөк сарт, а түгүл бөкөчө катары түшүндүрүшүп, алардын аң сезимдерин да жаш чагынан эле уулап коюшкан.
Союздун маалында мындай маселеге абдан көңүл бөлүнүп, тартип катуу болуп ачык айтылбай келсе, союз таркагандан соң ачык айтышып, элди бөлүп-жарып калышты. Сыдыман жана түштүк элин ачык эле кемсинткен Сыдымандар чыгып жатканы ошондон болуп жатпайбы.
Садыр Нуркожоевич! Сиз өзүңүз саясатчы адамсыз. Саясатта жүрүп кайсыл президент кандай иштегенин элден жакшы билесиз. Ар бир бийликтин жакшы жаман жактары бар. Сизге чейинки президенттердин баарын бир катарга коюп болбойт.
Эгер сиз чындан эле элдик президент болсоңуз, Атамбаевдей болуп түштүк, түндүктү эки бөлүп мамиле кылам деген оюңуз жок болсо, түштүк элин нараазы кылып жаткан калыстыкты ордуна койсоңуз, анда урмат-сыйыңыз мындан да жогорулайт эле.
Акаев он беш жыл өлкөнү кандай башкарганы, бар быдырыбызды талкалап, байлыктарыбызды тарака-таксым кылганы, Кумтөрдү Канадага кармата салганы, калкты ишсиз коюп туш тарапка кул кылып таркатканы, маданият, спорт, илим-билим, койчу баардык тармактын тамтыгын чыгарып, тарпын ташка жайып койгонун чана албайсыз.
Акаевден кийин Бакиев келип, өлкөнү жок болуп кетип жаткан жеринен сактап калганын айтпасам да билесиз, себеби, сиз Бакиев менен бирге иштешкенсиз, Бакиевдин кадры экениңиз элде айтылып жүрөт.
Ал эми Атамбаевдей эч ким болбосун. Ылайым эле Атамбаев окшогон эл душманы кыргызда башка туулбасын. Эгер эле Бакиев ортодо беш жыл иштеп калбай, Акаевден кийин эле Атамбаев өлкө башына келе турган болсо, азыр Кыргызстан деген өлкөбүз дефольт болуп, өлкөнүн түштүгү Кытайга, түндүгү казактарга бөлүнүп кетмекпиз. Карыз алыш боюнча Атамбаевдин жүрүшү дал ошол кыяматка алып бармак.
Эми карап көрүңүз: Акаев «как будто» эч нерсе болбогондой, он беш жыл өлкө башкарбагандай, Кыргызстандын бүгүнкү акыбалына эч бир тиешеси жоктой болуп, катыны экөө бокчосун көтөрүп, көчө кыдырып айылдаган сөйрүк аялдардай болушуп Кыргызстанга келип кетишти. Өзүнүн кошоматчы куйруктарын көрүп чер жазды, Таласка кайын журтуна барып мейман болуп кетишти. Бир адам "эмне үчүн келди, камаш керек эле" деп сүйлөгөн жок. Молдомуса Конгантиевди чала өлүк кылган "баатырлар" Акаевге сүйлөп да коюшка жарабады.
Ал эми Бакиев келет экен деген имиш чыкса: "келсинчи камалат, өлтүрөбүз, жанчабыз" дешип дуу көтөрүлө кыйкырып киришти.
Эмне үчүн Акаевге мүмкүн нерсе Бакиевге мүмкүн эмес болуш керек?
Атамбаевдин балдары шаардык кеңешке, эми болсо парламентке өздөрүн коюп жатышат. Аларга мүмкүн. Эмне үчүн Бакиевдин жакындары Кыргызстанга келсе жугундукорлор соц.тармакты жарып чыгышат? Жугундукорлорго Азаттыктын, Апрель каналынын бузукулары кошулуп алышып элди бөлүп жарышат. Азаттыкты да тыя албай жатасыз. Алар каратып туруп элди бөлүп жатышат, өлкөнүн ичине бүлүк салып жүрүшөт.
Отуз жылдагы өлкөнүн ушинтип калышына бир гана Бакиев күнөөлүүбү? Эмне үчүн 7-апрель, Ош коогалаңы ордунда токтоп турат иликтенбей?
Качанга чейин түштүк элине тиешелүү маселе болгондо эч ким көңүл бурбайт, көңүл чарданынын сыртында кала берет? Мына, азыр сиздин башкарууңузда да кандайдыр бир бөлүнүүлөр байкалып жатат. Мүмкүн өзүңүз сезбеген таризде ошондой болуп жаткандыр? Түштүк коогалаңын, 7-апрелди текшертпей таштап койгонуңуз аз келгенсип, бийлик кызматтарына түштүктөн чыккан күчтүү жигиттерди кошпой, борттон сыртка ыргытып салдыңыз.
Эгер билсеңиз, түштүк эли сизди жабыла жапырт шайлап беришти. Бизде айрым жерлерде сизди шайлагандар 88-90% түздү. Чүйдүн 50-60%, кемчилдигин түштүк толтуруп берген. Ал эми түштүк эли сыйлаган, баалаган, келсин деп күткөн Бакиевди алып келбей жатканыңыз бизди чоочутуп жатат.
Атамбаевдин: "мен түндүккө гана президентмин. Түштүктү Келдибеков менен Ташиев башкара берсин" деген сөзүн угуп, төбө чачыбыз тик туруп, сүткө оозубуз күйгөн биз кургурлар, сизди аракеттериңизден чоочуп жатабыз. Казапаевден Келдибеков миң эсе билимдүү саясатчы эле го. Жапыкеевден Улукбек Кочкоров өлсө өлүгү артык, бир жакшынакай салттагы билимдүү жигит эмеспи?
Алымкадыр Бейшеналиев деген "артистке" салыштырмалуу Мырзакматов ашка-тойго баргыдай адам экени талашсыз. Эмне үчүн Марипов, Сарыбашевдей ак иштегендер сизге жакпай калды?
Генерал Жаныш Бакиевдин сүрөтүн стендден алып салышканы да адамгерчиликтен эмес. Анын өлкөгө сиңирген эмгектери эмне болот? Отунбаева, Текебаевдер сый урматта эле жүрүшпөйбү, канчалаган адамдардын убалына калышып.
Баардык нерсени таразага салып, калыстык менен эл башкарсаңыз алыс барасыз.
Мен трайбалист эмесмин, бирок болуп жаткан окуяларга трезво баа бере турган жашка чыгып калдым. Мен го бир сыртта жүргөн жөнөкөй мигрантмын. Эл башкарган Атамбаев кыргызды эки бөлүп башкарды, парламенттин бакыйган депутаты Момбеков качан болсо: "бийликте Таластык жок" деп ыйлай берет.
Демек, ошолор ошентип сүйлөп жоопко тартылбаса, анда мен деле түштүк жерим, түштүктөн чыккан чыгаан азаматтарым үчүн күйүп сөз айтып койсом жарашат болуш керек?
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизден суранабыз: Бакиевди өлкөгө чакырыңыз, өз элине, туулган жерине келип жашасын. Бакиевге эч ким кол тийгизгенге акысы жок.
7-апрель, Ош коогалаңын иликтетип, УӨттүн шакалдарын жоопко тартыңыз. Атамбаев баардык кылмыштарына жазасын алсын. Албек, Сапарларды таап келип, кылмышына жараша жазага тартуу керек экенин унутпаңыз. Бабановдун былыктары да Атамбаевден кем калышпайт. Ал болсо эркиндикте жүрөт. Бардык элге бирдей мамиле кылсаңыз, эл аны сезет. Бөлүнүп жарылууга жол койбоңуз.
Курманбек Салиевичке карата болуп жаткан акыйкатсыз мамиле, бул эч кимди жакшы көрсөткөн эмес. Аны колдогон миллиондогон эл бар экенин да эсиңизден чыгарбасаңыз.
Шамурза Бөрүкулов, Россия Федерациясы
Булак: NazarNews.kg